Сүртүмдөр. Ырлар - страница 2

Шрифт
Интервал


Сен да мага ишенбейсиң кенедей.
05.1997

«Күндүн нуру ойногон…»

Күндүн нуру ойногон
Көктө калкыйт булуттар,
Кайталангыс көрүнүш
Көз ирмемге жаратып,
Жаралантып жүрөгүн
Сүрөтчүнүн, акындын,
Жан умтулуп жетпеген
Сулуулукка чакырып.
Ал чакырык арбаган
Акын тынчтык унутат,
Асып коюп бактысын
Асмандагы булутка.

«Асман бетинде сейилде…»

Асман бетинде сейилде
Ай орогуна илинип
Араң бошонду ак булут.
Эркин жашоодо билбеген
Эмне экени буулугуу
Болгон кайгысы ушудур.
06.05.1995

«Жер өлүктөй кепинделген ак карга…»

Жер өлүктөй кепинделген ак карга.
Күн араң жан боз асманда үлбүрөйт.
Дарак суроо белгисиндей, а карга
Бутагында үтүр болуп үргүлөйт.
Бирок дүйнө издегенин акыры
Кубанычсыз бул суздуктан тапкансып
Мемиреп тынч. Айлананын ак ыры
Уйку менен дүйнө бетин жапкансыйт.
04—05.03.1994—2010

«Таңгаласың «Үшүбөйсүңбү-, деп…»

Таңгаласың «Үшүбөйсүңбү-, деп,
– Неге жеңил кийинип алгансың?
Күндү суугун карачы: шөмтүрөп,
Жаан-шамалга жанчылып, сабалып,
Дүйнө жатат бир байкуш, асмандын
Аёо билбес каарына калгансып».
Таңгаласың. Билбейсиң себебин
Турганымдын туйбай суук азабын.
Сууган жүрөк күн суугун сезеби?
29.04.1993—06.10.1999

«Тарыхтын кумдан барагы…»

Тарыхтын кумдан барагы
Толтура түркүн издерге.
Менин да изим калабы
Бетинде анын бир кезде?
Бирок да шамал-убакыт
Эч кимге билбейт аёону.
Эрмекке жаңы кубанып
Изиме салар ойронду.

Жалгыздык

Басёнун каргасындай жалгыздык
Шоңшойот жан-дүйнөмдүн багында,
Жылаңач бутактары каржайып,
Суналган суз асмандын алдында.
Жымжырттык. Кээде гана угулат
Шамалдын үшкүргөнү кайгылуу,
Оодарып жалбырактар барагын
Ачкандай жок экенин кайрылуу.
Кайрылуу эсил кайран күндөргө
Аянбай жүрөк жанган жалбырттап.
А бүгүн кайырчыдай жүрөгүм
Башканын жалынына жалдырайт.
Басёнун каргасындай жалгыздык
Шоңшойот жан дүйнөмдун багында,
Жылаңач бутактары каржайып,
Суналган суз асмандын алдында.

Короодо өскөн жалгыз даракка

Төрт тарабың сенден бийик дубалдар,
Күн шооласын тоскон сага жеткирбей.
Жалдырайсың аянычтуу, жетимдей —
Эч бир жан жок бул капастан куткараар.
Курчоосунда муздак бетон дубалдын
Элестеткен тунжуроонун эзүүсүн
Жалгыздыктын символунун өзүсүң
Катып калган тиктеп бетин асмандын.

Күз таңы

Кеч күздүн муздак таңы.
Бүрүшүп жатат дүйнө.
Ак кыроо айлананы
Камакка алган түндө.
Бир гана жалбырактын
Отуна алы жетпейт.
Ар жерде ак барактын
Бетинен жалын тиктейт.
30.10.1992

«Сууга чөккөн таштай мен чөгүм кетемин…»