Мен биргемин! Сен биргесиң! Ал бирге! Биз биргебиз! Дүйнө бирге!Аалам бирге! Кудай бирге!
Мен өз жайымдамын! Сен өз жайындасың! Ал өз жайында!Башкалар өз жайында! Биз өз жайындабыз! Кудай өз жайында! Аалам өз жайында! Дүйнө өз жайында!
Мен ата-энеме, бир туугандарыма ыраазымын! Мен үй– бүлөмө ыраазымын! Мен жасап жаткан жумушума ыраазымын!
Менин жасаган жумушум өзүмө жагат! Мен ар кандай жумушту тез, сапаттуу, өз мөөнөтүндө так аткара алам! Жасаган ар кандай жумуш мага кубаныч, сүйүүнү тартуулайт!
Ар кандай жумушта – өзүмдү сүйүнтөм, себеби, мен аны өзүмдү өзүм камсыздандыруу үчүн жасайм!
Кимге кандай жардам берсем дагы – жыйынтыгында өзүмдү өзүм сүйүнтүү, сезимимди жакшыртуу үчүн жасайм – ал менин ден соолугум! Мен аны түшүнөм, ошондо кана башкаларга таарынбай жасайм. Бул мага башкаларга таарынбаш үчүн эң сонун шарт түзөт.
Мен “намыс”, “уят” деген сөздөрдү өз нугунда өз учурунда, өз өлчөмүндө кантип пайдаланганды билемин. Ал мүнөзүм учур чакта жардамга келди, пайдаландым, кое берем б.а. көңүлүмдүн борборунан чыгарам. Өзүмдү жана башкаларды кечирем. Өзүмдү да башкаларды да ал “туткундан” бошотом. Себеби, ал менин ден соолугум, – деп айтууну көбөйттүм.
Бул сүйлөмдөрдүн өтө таасирдүүлүгүнө ишендим. Бара – бара өзүмө болгон ишенимим күчөп, омурткам бекемделе баштады. Жашоого болгон кызыгуум артты. Жашоо мен үчүн күндөн күнгө мен каалаган жашоону тартуулай баштады. Бассам турсам “ыраазычылык” айтчу болдум.
Позитивдүү сөздөрдү айтуу, ойду оңдоо – бул жарым иш экенин убакыт өткөндөн кийин мен аны өзүмдүн жашоодогу кемчилигимди байкоо жүргүзүү менен көрө баштадым.Чындыгында эч нерсе жасабаган адам кемчилик кетирбейт. Ал эми, кемчилик кетирген адам болсо, бара-бара турмуштан такшалат, керектүүсүн улантат, керексизин мындан ары кантип пайдаланбай коюну билет.
Күндөн күнгө “менин ойлорум” – мага керектүү ойлорго айланып, жардам берип жатат, айткан сөздөрүмдүн кандайча өзүмө кайра таасир этип жаткандыгын түшүнүп, мүмкүн болушунча эч кимге зыяны тийбей турган ойлорду ойлоп, сөздөрдү сүйлөөнү үйрөнүп жатам. Бирөө үчүн ойлонуп, бирөөнүн көйгөйүн чечүү мага эле эмес, жардам берген адамыма дагы зыян кылаарын түшүндүм. Себеби, ал адам үчүн мен ойлонуп, анын каалаганын мен ишке ашырып, жардам берген адамым мага “көз карандылыкка” дуушар болоорун түшүндүм. Ал мага да ага да турмуштук тажрыйбаны татаалдантаары мага белгилүү болду. Каалоосу көп, бирок аткарганды билбеген адамда албетте, өнүгүү, өсүү болбойт, себеби өзү жасап көргөн жок. Ал үчүн жакын адамдары жасады. Ошентип кээ бири күчкө салып коркутуу менен жасатса, кээ бири байкуш болуп сурануу же ооруу менен жасатат. Абетте, мындай учурда өз сөзүңө да этият мамиле кылуу керек. Айрыкча мен өзүмдүн сөздөрүмдөн көп далил алдым.