Билгендерибизди бекемдөө үчүн бир канча суроолор???
Өзүңө өзүң кожоюнсуңбу? Жооп _________
Ойлогон оюңа өзүң кожоюнсуңбу? Жооп_________
Сүйлөгөн сөзүңө өзүң кожоюнсуңбу? Жооп________
Жасаган ишине өзүң кожоюнсуңбу? Жооп_______
Өзүңдүн денеңе өзүң кожоюнсуңбу? Жооп ________
Өзүң менен өзүң ынтымакта жашайсыңбы? Жооп______
Өзүңдү өзүң кантип укканды билесиңби? Жооп ________
Эмнени кааларыңды так билесиңби? Жооп _______
Сага эмне керек экенин түшүндүңбү? Жооп _______
Өзүңдү өзүң кантип угууну үйрөндүңбү? Жооп _____
Азыр, ушул учурда сага эмне керек? Жооп _______
Кандайча кадам шилтей аласың? Жооп ______
Күчүң жетеби? Жооп ______
Жашоого кызыгасыңбы? Жооп ______
Өзүң каалаган жашоону ким түзөт? Жооп ______
Кандай жашооң болсо өзүңдү тең салмактуулукта, бактылуу сезет элең? Жооп _____
Кетирген кемчилигиңди өзүң кантип көргөндү билесиңби? Жооп ______
Күнөөлүү адам барбы? Жооп _______
Жасаган ишиңди туура эмес деп эсептесең, өзүңдү күнөөлүү деп сезесиңби? Жооп _____
Кругозоруңду кеңейтип билим алгың келеби? Жооп ______
Бирөөнү сөз кыласыңбы? Жооп ______
Өзүңдөгү кемчиликти айлана тегерегиңдегилер күзгү катары өзүңө көрсөтүп жаткандыгын түшүндүңбү? Жооп ______
Ички жана сырткы дүйнө эмне экенин билгиң келеби? Жооп _____
Анда эмесе бул маек сен үчүн. Мындан ары дагы көп нерсени түшүнүүгө сапар тарт.
“Учур чак” менен жашоо дегенди кантип түшүнөсүң?
Жашоо кантип түзүлөт? Аны ким түзөт? Жашоо кандайча түзүлөт? Канча убакытта түзүлөт?
Ким ал турмушту күчкө киргизип, бүгүнкү күнгө тагдыр кылып бешенеге жазат? Тагдырды ким түзөт?
Ден соолук кантип бузулат? Аны ким бузат? ж.б.у.с. суроолор көпчүлүктү кызыктырат деп ойлоймун.
Мен дагы көпчүлүк адамдар сыяктуу эле “жашоо деген бүгүнкү күндө көзүм көрүп, кулагым угуп, көпчүлүк адамдар жашаган жашоо!”, – деп түшүнчүмүн. Жашоодогу көрүнүш мен үчүн окшоштой, көнүмүш жашоо эле. Жашоомдо болуп жаткан нерсени “бешенеге кудай жазган – тагдыр” деп түшүнчүмүн.
Себеби, коом ошондой, ата-энем, айлана чөйрөм баардыгы, көнүмүш тартипте өнүгүп, “ушундай болуш керек!” – деген ишенимдүү “түшүнүктө” жашап келет. Ал түшүнүктү менин мээме сиңирип, жашоомо таңуулап программа кылып киргизип келген. Мен ал турмушка макул болгом, “турмушуң эшек араба туулдуң калдын балээге” дегенге ишенчүмүн жана ал сөздөрдү көп пайдаланчумун. “Бешенеге жазганды көрөм да», -деген сөз мен үчүн көнүмүш адат эле, себеби “жазалоодон, күнөөдөн, уят, ар –намыс, элдер сөз кылат” деген сезимдерден өтө коркуп жашаганмын.