Бул нерсе оорулуу адамга – “көнүмүш адат”, башкача айтканда өзүн өзү “сыйлабагандык”, өзүн өзү түбөлүктүү ооруунун “кулу” кылып, өзүн өзү “басынтуу”, “өзүн өзү зордуктоо, кемсинтүү, өзүнүн күчүнө өзү ишенбегендик” дегенди түшүндүрөт.
“Кантип, кандайча жашаганды билбегендик”, “алдына койгон максатынын жоктугу”, ооруунун айтканын, эскерткендигин түшүнбөстөн көп жылдары “оорууну коюп жибербей өз денеңде кармагандык” деп түшүндүм. Бул ооруу меники деп приватташтыруу дегендик. Мунун баары ой, энергия. Ал денеге ооруу болуп келди, адам ага ишенди. Денеде кармап, көп жылдары сыйлашып, чың ден соолугун – оорууга алмаштырып бирге жашап келди же ден соолуктун энергиясын оорууга берди.
Ар бир “сөзгө – маани берип, терең түшүнүп окуу”, ден соолукка жардам берет. “Өзүңдү өзүң аяганды токтот!” Ашыкча боорукерлик, жалооруп, аягандык ар бир адамды артка тартат.Бул нерсеге таарынуунун кереги жок. Мен дагы бир убакта “ушундай ойдун туткунунда камалгам”. Ал убактылуу “аң сезимдин тоскоолдугу, андан өзүңө өзүң түшүндүрүү менен, улам өзүңө өзүң ар кандай суроолорду берип отуруп чыга аласың.
Мен ушул нерселерди түшүнгөндөн кийин өзүмө өзүм суроо бере баштадым. Суроолор мээнин оң жана сол жарым шарларынын иштешин активдештирет.
Кантип?
Кандайча оорубастан жашасам болот?
Чың ден соолуктагы дене кандай болот?
Эмне кылсам жаным кыйналбай бактылуу жашай алам?
Мени ким кыйнап жатат? Өзүмдү жакшы сезүү үчүн кандай ойлосом болот?
Ооруу башталганда эле “Эмне үчүн оорушум керек?
Деги мага ооруунун кереги барбы? Ооруну ойлогондун ордуна, өзүмдү ден соолуктамын деп ойлонуп көрөйүнчү?– деген суроолорду жаадырчу болдум. Жасап көрдүм. Акыбал тез өзгөрөөрүнө ишене баштадым. Көбүнчө жакын адамдарым аркылуу текшерип көрөм, себеби ага ишениш үчүн мага башкалардын “далилдөөсү, таксыктоосу” керек. Антпесең акылың ар кандай шылтоо таба берет. Адамдын акылы ушунчалык кыйтыр жана амалкөй, заматта ар кандай акыбалга салып, күмөнсүрөөңдү күчөтүп турат.
Жашоонун сыры: – Суроо?????? Көптөгөн суроолор?????
Ар бир берилген суроо – “аң сезимди” өзгөртөт. Ал эми “аң сезимдин” өзгөрүшү, нур толкундун жогорулашы”. Биринчи курстан экинчи курска көчүү, жогорку билим алуу же болбосо улам аң сезим жогорулаган сайын дене тамактанып жаткан нурдун сапаты жогорулайт деген сөз же дене таза энергия менен иштеп жатат деп түшүнсөк болот.