Таза ойлор Так сөздөр - страница 116

Шрифт
Интервал


Өзүңө болгон “ишеним” жоголгондо, адам денеси “тартылуу күчүнөн” ажырайт, дене оорууга жөндөмдүү боло баштайт. Эми, мына ушул көз ирмемден баштап: “Мен өзүмө да ишенбей калдым!”-деген программаны өчүрдүм! Ордуна “Мен өзүмө, өзүмдүн күчүмө өзүм ишенем, себеби, жараткандын күчү менин денемде!” –деген жаңы программа ишке кирди. Денеге болгон ишеним жоголгондо денедеги өтүп турган токтун нурунун кубаттуулугу төмөндөйт. Менде мындай маалымат жок болгон мезгилде албетте, “терс” ойлорду көп ойлочумун.

Жаңыдан ушул тармакта түшүнүк ала баштаганда мен да көпчүлүк эл сыяктуу эле өзүмө “өтө чоң каршылык” көрсөтчүмүн. Өмүрүмдө укпаган сөздөрдү адамдардан укканда коркконумдан кулак, мурун чуулдап, башыма эч нерсе кирбей калчу. Түрүм өзгөрүп, денем жыйрылып, бул мени кайсыл “сектага” тартып жатат деп коркчумун. Эми, өзүм ошондой коркунучта турган акыбалдагы адамдарга көп кездешем.

Себеби, мен ишенген, мен күткөн нерселер башка жакта, көзүм көрүп, кулагым укпаган жакта болуп жатат деп түшүнөмүн б.а. дайыма “жакшы жашоону келечектен күтчүмүн”. Башка адамдардын жашоосу меникинен жакшыдай сезилчү. Үмүт менен кана жашачумун. Ал эми “келечек” ал кылымдар бою кууп жетпеген “келечек” экендигине эч качан маани берген эмесмин.

“Менин колумдан чоң нерселер келбейт”, деген ойлор келчү . Мага бактылуу жашоо, ден соолукта бай жашоо “кудай тарабынан буйруган эмес” “бешенеге жазылган тагдырым ушундай” го дечүмүн. Оорууну күнүмдүк жеген тамагымдай, кабыл алып, ага баш ийип, денем менен сезип жашап келгем. Чың ден соолукта, оорубаган денеде кандайча жашоо болоорун билген эмесмин. Оорубаган адам жок деп ойлогом.

Ден соолук, байлык, бакыт, жакшы жашоонун баары “өзүмдө, өз денемде бар экендигине, өзүмө өзүм “бай болууга, ден соолукта болууга өзүм“ ар кандай нерседен коркуп уруксаатты бербей жаткандыгымды” – учурунда түшүнгөн эмесмин.

Баардык нерсе өзүмдүн, “аң сезимимдин” – сабатсыздыгынан, билимимдин жетишпегендигинен, жашоомо ишенбегендигимден экендигин түшүнгөндөн кийин айлам кетип, таянган тоом кулап, жасаган турмушум урап кеткендей эле болду.

Кудайга өлүгүмдү артып, баардыгын кудай кылган деген шылтоом түгөнүп, мурдагы түшүнүгүм, түп тамырынан урап, кулады. Эмне кылаарымды билбей туңгуюкка кабылдым.

Көргөн түштөрүмдө ураган, кулаган , суу астында калып, сел каптап, өрттөнгөн үйлөрдү, кээ бир буюмдарды, нерселерди көрө баштадым. Мага эмне болуп жатат? – деп кээде маектешкен адамдарымдан сурайм. Кээ бири туура түшүнүк берсе, кээ бири кайра коркутчу. Кээде эмне болуп жаткандыгымды түшүнбөй мага түшүнүк бергендерди күнөөлөп, күмөнсүрөөм күчөп, эмнеге ушундай адамдар менен сүйлөшөм деп өзүмө капа болчумун. Мындай нерсени билбей эле жүрө берсем, оорусам да тынч жүрөт элем дечүмүн. Кээ бир күндөрү түн уйкумдан безип, түнү бою денемде өзгөрүүлөр жүрөт, ооруулардын дене аркылуу кантип кайсыл жеримден жылып чыгып кетип бара жатканын сезем. А бирок эртең менен кадимкидей эс алып, уйкум канып калгандай сергек турам. Ошентип бир ооруудан кутулсам күтүлбөгөн жерден экинчиси пайда болуп жатты. Бирок, “билим алуу”, “аң сезим менен түшүнүүнүн” касиети канчалык деңгээлде жогору экендигин, ден соолуктун оңолушуна кандайча пайда берип жаткандыгын, өзүмдүн басып өткөн тажрыйбам менен тактап, анализдеп отуруп түшүндүм.