Өзүңөргө өзүңөр “суроо берип – отчет алып” көргүлөчү?
Мен эмнени каалайм? Албетте бул суроого көпчүлүк маани бербегени менен, чындыгын өзүнүн жашоосуна эмне керектигин билбегендер арбын. Себеби, көпчүлүк адамдарда, “балдарым үчүн”, ата-энем”, “досторум”, “коллектив үчүн” же “тууган уруктарын” биринчи орунга коюп алып, өздөрү “кубанычтын жетишпестик” оорусунан жабыр тартышат. Өзүн унуткан адам-бактысыз адам, бүткүл өмүрүн башкаларга арнап, өзүн жалгыздыкка камаган адам. Ошондуктан ар кандай шартта, өзүңө ыңгайлуу жана өзүңдү сүйүнтө турган вариантты тандоо ден соолук үчүн пайда. Ал үчүн “өзүңө да башкаларга да ишенүү керек”. Себеби, ар бир адам өзүнчө өзгөчө жана сен жасаганды алар дагы сен сыяктуу же сенден да жогорку деңгээлде жасай алаарына ишен. Билбесе, үйрөтүп кой. Балыкты өзүң кармап бербей, кайрымакты колуна бер деген сыяктуу нерсе. Бирөөгө билген нерсени үйөтүү, өзүңө жардамчы өстүрүү менен барабар. Ошон үчүн ар дайым өзүңө эмне керектигин так илген жакшы. Ал энергиянын багытын сен каалаган нугка бурат. Демек, жашооңду өзүң башкара билгениң.
Мага эмне керек? Жооп– Ден соолук.
Мен ден соолуктуу болгондо эмнеге жетем? – Кубанычка, сүйүнүчкө, бакытка.
Анда сен “азыр, дал ушул учур чакта өзүңө өзүң уруксаат бер.
Мен өзүмө өзүм “аң сезим менен түшүнүүгө” уруксаат бердим!
Мен өзүмө өзүм “ден соолукта” болууга уруксаат бердим!
Мен өзүмө өзүм “бай болууга” уруксаат бердим!
Мен өзүмө өзүм “бактылуу болууга” уруксаат бердим!
Мен өзүмө өзүм “сүйүнүп, кубанып жашоого” уруксаат бердим!
Мен өзүм менен өзүм “ ынтымакта, ыраазы болуп жашоого” уруксаат бердим!
Мен өзүмө өзүм “үй-бүлөм менен гармонияда жашоого” уруксаат бердим!
Себеби, ал уруксаатты сенин -
– акылың,
– оюң, сөзүң, сезимиң,
– ишеничиң,
– каалооң (жашагым келет,үйрөнгүм келет),
– өзүңө болгон сүйүүң,
– мен эркинмин, мен бактылуумун,мен баймын! – деген сезимдер бекемдейт. Ар бир айткан сөздөрүң, ойлоруң Ааламага жөнөткөн денеңдеги ар кандай сезимиң нурлар аркылуу жаралып, нурлар аркылуу ишке аша берет. Себеби, баардыгы ар түрдүү түстөгү нурлардан турат.
Мына, сен эми бактылуусун!
Ооба, мен бактылуумун! Менин мээм “бактылуулуктун” программасын ишке киргизди! Мен өзүмдүн бакытымды, кубанычымды, сүйүүмдү, жашоомду ушул көз ирмемден баштап кабыл алдым! Мен баардык жаралуулар менен гармониядамын, тынччылыктамын! Суу, от, аба, жер менен болгон мамилем өз нугуна келди!– деп сезимиң менен “бекемде!”.