Терс мүнөзүмдү өз нугуна келтирдим, ашыкча эмоциямды башкарып кантип гармонияга келтирүүнү дайыма так билемин!
Мен ушул секундадан баштап терс мүнөзүмдү кантип башкарууну жана токтотууну билемин!
Мен ушул көз ирмемден баштап өзүмдүн сезимимди кубанычтуу сезимге айлантып, жашоонун укмуш сонун жашоосун түзүүнү чечтим! Түзүп жатам!
Өзүмдү кубанычтын, сүйүнүчтүн нуруна уладым!
Мен кубанууга, сүйүнүүгө, сүйүүгө татыктуумун!
Мен, азыр ушул көз ирмемден баштап, жетишээрлик өлчөмдө кубанып, сүйүнүп жашап жатам!
Мен кубанып, сүйүнүп жашоого татыктуумун!
Мен кубанычка, сүйүнүчкө ыраазымын!– деп өзүңдү өзүң ишендир.
Дагы, дагы, дагы бир канча жолу өзүңдү – эркин сезгенче кайтала. Себеби, бул сөздөр адат болуп калган ар кандай чарчоодон, ар кандай кыжаалатчылыктан, коркуудан сактайт жана депрессиядан чыгууга тез жардам берет.
Кантип оюндагыны ачык айтууну үйрөнсөң болот?
“Турмуш, тагдыр күнүгө ар бирибизди элекке салып элеп турат”– дегендей, ар бир адам өзүнүн жашоого болгон көз карашына, адат кылып алган кыял – жоругуна байланыштуу өзү түзүп, ишенген тагдырында жашап келет. Жыйынтыгы келип, көпчүлүктүн окшош жашоосу жалпысынан жакшы же жаман “коллективдүү коомду” түзөт. Ошон үчүн адамдар бир эле убакта ар кандай жашоолордо өмүр сүрүшөт. Бир үй-бүлө жоготууга жолукса, экинчисинде кубанычтуу окуя болот. Бирөөнүн кайгысы экинчи адамдын бактысы дегендей, бирөө жоготууга учураса, экинчи адам бактысына жолугат. Себеби, кайгырган адам жоготууга учурайт, кубанган адам бактылуулуктун толкунуна уланат. Ал эми материалдык дүйнөдө кайсыл эмоция күчтүү болсо ошол жашоодо пайда болоору анык. Ошон үчүн ар кандай шартта “кубанычтын сезимин күчөтүү зарыл. Жамандын ордун жакшы бассың десең эмоцияңды көңүл көтөрө турган жакка бурган пайдалуу.
Бул сенин тагдырың + Бул менин тагдырым +Бул биздин тагдыр + Бул үй бүлөнүн тагдыры + Бул урпактардын тагдыры + Бул мамлекет тагдыры + Бул Аалам тагдыры + Бул бешенеге кудай жазган тагдыр. Чындыгында ар бир жашоонун булагы өзүңдүн аракетиңе жараша ар кандай жашоого өзгөрүүгө ийкемдүү.
Мен + Сен +Ал + Биз + Баардыгыбыз биригип бир бүтүндүк Аалам – адам денеси менен байланышкан жашоо.
Ошондуктан, “Биз биргебиз!”, деп айтканда – дене бөлүнбөстөн чогуу иштейт. Ички жана сырткы дүйнө биримдикте, гармонияда болот. Рух, Аң сезим, Акыл, Жан дүйнө, физикалык жана энергетикалык денелер бири-бири менен болгон байланышы чыңдалып, калыптанат.