“Мага – ден соолук керек!” “ Мага ден соолук!” “Мага ден соолук керек!”
“Мен өзүмө өзүм азыр ден соолукта болууга уруксаат бердим!”
“ Мен өзүмдү ден соолукта сеземин!”
“Негизги “күч”дайыма мени менен бирге! Мен күчтүүмүн!” “Мен эрктүүмүн!”
“Ден соолук мени менен түбөлүккө бирге!”
“Мен ден соолукта төрөлгөм!”
“Мен ар дайым ден соолуктун толкунундамын!”
“Менин органдарымдын баардыгы так, өз нугунда ритимдүү,чың ден соолукта иштеп жатат”.
“ Менин ден соолугум күндөн күнгө чыңалып баратат, аны сезимим менен сезип жатам”.
“Мен бактылуумун!” “Шамдагаймын, көңүлүм ачык, шайырмын!”
“Менин каалаган нерселерим, мен кандай ойлосом ошондой болуп жатат”.
“Ойлорумду дайыма кантип таза, жакшы ойлорго бурууну өз убагында билемин”.
“Менин оюм, менин бүгүнкү күндөгү жашоом”.
“Мен дүйнөгө ачылдым!”
“Мен адамдарга ачылдым!”
“Мен дүйнөгө таандыкмын, дүйнө мага таандык!”
“Мен Аалам бөлүкчөсү экендигимди түшүндүм!”
“Ар бир адам Аалам бөлүкчөсү, ал нурдан башталат!”
“Дүйнө, Аалам менден башталат, бүткүл Аалам менин денем менен байланышкан, мен алар менен тыгыз байланыштамын”
“Мен өз жайымдамын!” “Башкалар өз жайында!” “Дүйнө өз жайында!”
“Ар бир күн мен үчүн белек – мен үчүн эң сонун күн!”
“Мен баардыгына ыраазымын!”
“Мен өзүмдү жакшы көрөм, мен дүйнөнү, баардык көзүм көрүп кулагым уккан нерселерди, баардык адамдары сүйөм!”
“Баардык сезимим менен сезгендин баары – менмин!”
“Мен – бүткүл дүйнөнү, Аалам, жан жаныбар, курт кумурска, планета, жылдыздар, галлактикалар, ар бир адам баласын өзүмдүн жашоого болгон көз карашым аркылуу көрөмүн! Ал менин дүйнөм”
“Мен ар бир күнүм үчүн сүйүнөмүн, кубанычымды бүт Ааламга сезимим менен таркатамын”.
“Мен жатканда кантип өзүмдү бактылуу сезип жатканды, эртең менен турганда өзүмдү кандайча бактылуу сезип турууну так билемин!”
“Мен бакыттын ээсимин!” “Баардык нерсе мен төрөлгөндөн бар нерсе, ал менин денемде, маалымат талаамда жазылган!”
Ден соолугу чың, бай, жашоодо сүйүнүп, бактылуу жашаган адам жашоонун закону боюнча 5%– “терс” ойду, 35% – “оң” ойду, 65% – “нейтралдуу” ойлонуп жашаары турмушта далилденген. Эми ошондой деңгээлге жетүү үчүн ар бир адам өзүн өзү кайра тарбиялоо менен өзгөрө алат. Ал үчүн ар бир адам өзү “чечим” чыгарат.
Китепти окуп мындан ары улантуу керек же керек эмес экендигин “чечүү” ар бир инсандын өзүнүн эркине, каалоо, тилек, ниетине жараша болот. Каала улант, каала китепти жаап катып коюуга же каалаган нерсеңди жасоого же жасабай коюуга толук укугуң бар. Себеби, ал китеп сага таандык, колуңда тургандан кийин анын ээси азыр сенсиң.