Жакшылап ойлон – бул сенин ден соолугуң, тагдырың. Сенден тараган урпактарындын ден соолугу, тагдыры. Бул деген жашаган айылдын, шаардын, мамлекеттин, бүткүл Аалам тагдыры.
Эмне үчүн? Себеби, ал сенин жашоого болгон көз карашың, өзүңдүн жан дүйнөңдөгү акыбалың.
Баардык нерсе – “ар бир адамдын өзүнөн” башталат.
Ой – бул “Бумеранг– чамгарак”. “Ойдун автору ким ?” Жообун, албетте ошол адам, биринчи “өзү” кана алат.
Бирок, кимди ойлонсо ошол адамга кошо “зыян” же “пайда” кылат. Себеби, ойлогон адам менен ойлонгон адамдын ортосунда заматта “энергетикалык көзгө көрүнбөгн нур жипчелери” пайда болуп, заматта “байланыш түзүлөт”. Мактаган болсо кулагы кызып, сөз кылган адамда сүйүнүч пайда болот. Аны кээ бир сезимтал адамдар кимдер, эмне жөнүндө сөз кылып жаткандыгын сезе алат, көз алдына элес болуп келет. Ал эми “ушак кылып, жалаа жапкан болсо”, анда ал адамда ык тутуу, тамак буулуу, жүрөк сыгылуу, кээде катуу ооруп калууга чейин барат жана денесине ал негативдүү көрүнүш кадан зыян алып келгендигин сезиминде сезип, түш аркылуу көрөт. Катуу ушактагандан кээ бир адам температура болуп ооруп калышы да мүмкүн. Ал жөнүндө ушактын кызуусуна кирип кеткен адамдар ойлоп да коюшпайт. Аары чаккан сыяктуу сөз менен атака кое беришет, “аа эми баланчанын кулагы кызып жатат го” деп, күлүшүп, оюн катары түшүнөт. Чындыгында ар бир адам “улуу адам”, аны эч ким сөз кылууга, ушак менен соттоого акысы жок. Ар кимдин турмуштук жолу ар түрдүү, ар кандай шартта турмуштан тарбия алат. Жана бирөөнү бирөө ушактоого акысы жок. Бирөөнү ушактоо менен өз тагдырыңа өзүң балта чабаарыңды унутпа.
Уюлдук телефондор кандайча иштейт? Адам энергиясы дагы дал ошондой иштейт. Бирок энергия сөз түрүндө үн чыгарбай “сезим” менен иштейт. Кээ бир сезими күчтүү адамдар кана башына келген, кулагына угулган “шуулдаган үндү” угушу мүмкүн.
Бир күндө адамга 14 000 000 дон ашык ар кандай ойлор келип кетип турат деп окумуштуулар изилдешкен. Аны териштирип кабыл алуу же албоосу адамдын өзүнүн турмуштук тажрыйбасына жараша. Өтө аз өлчөмдөгү адамдар кана ойлорун териштирип филтирлей алат. Мен, мына ушуга окшогон жашоодо анчалык маани берилбей, бирок адам дене түзүлүшүн бузуп, адамдарды оорууга , бактысыздыкка чалдыктырган нерселер жөнүндө сөз козгоп, анын түден соолукка, тагдырга кантип таасир бере тургандыгы жөнүнө сөз баштап жатам.