“Өтүп кеткен турмуштук тажрыйбама”, секунда сайын жашап жаткан “учур чагыма”, алдыдагы “келечекте” боло турган жашоомо терең ыраазымын! Учур чакта кантип жашоо үчүн тажрыйба алып жаткандыгыма ыраазымын!
Мен – Аалам бөлүкчөсүмүн, бүткүл Аалам менин денем менен байланышкан. Биз Биргебиз! Биримдиктебиз!Бир бүтүндүкбүз! Кечиргиле! Кечиримдүүмүн! Ырахмат! Баардыгына – Ыраазымын! Биз ынтымактабыз! Дүйнө тынччылыкта! Аалам тең салмактуулукта! Мен тынч!Сен тынч! Ал тынч! Биз тынч! Дүйнө тынч! Аалам тынч! Кудай тынч!
[А] Дүйнө ден соолуктун толкунунда! Дүйнө өз жайында!
Урматтуу окурман, мен бул китепти жазаардан мурун өзүм менен өзүм иштеп, өзүмдүн жекече тажрыйбамды жүргүзүп келдим. Адамдар менен сүйлөшкөндө, ойлогон оюна көңүл бөлүп, сүйлөгөн сөздөрүнүн айткан адамдын өзүнө кандайча кайтып келип жатканын байкап, өз тагдырын өзү кандайча түзүп, жашап жатканын көрүп, сезип келе жатам. Ошондой эле көрүнүштөр өзүмдө да болуп жатат.
Өзүмдүн ойлогон оюм, сүйлөгөн сөздөрүм менин денемди кандайча жабыркатып, өзүмө өзүм оорууну кандайча жасап алгандыгым мен үчүн күндөн күнгө ачык, даана, так көрүнө баштады.
Өзүмө өзүм суроо бере баштадым:
Айлана чөйрөмдөгү адамдар кимдер?
Кандай чөйрөдө жашап жатам?
Кимдер менен мамиле түзөм?
Кандай көз караштагы адамдар менен сүйлөшөм?
Эмне иш жасайм?
Кандай шартта, кимдер менен жашайм?
Денем үчүн кам көрөмүнбү?
Эмнени кааларымды ачык, так, даана билеминби?
Кандайча иш аракет жасап жатам?
Өзүмдөн өзүм «отчет» сурап, ала аламынбы?
Тагдырымдын өзгөрүшү үчүн кандай аракет жасап жатам?
Жашоонун жеңил жана оңой жолун билеминби?
Эмоциямды башкара аламынбы?
Азыркы психологиялык акыбалым кандай?
Жан дүйнөмдүн тазалыгы кандай?
Өзумдү өзүм алдаймынбы?
Сезимим менен кантип иштегенди билеминби?
Мына ушул суроолордун жардамы менен мен өзүмдөгү кемчиликтерди, жетишпестиктерди жана артыкчылыктарымды күндөн күнгө ачык, так, даана көрө баштадым.
Албеттте, кебетем да ошол шартка ылайык өзгөрүп жатканын өзүмө өзүм байкоо жүргүзүү менен көрүп келе жатам. Аны “аң сезимим менен түшүнгөндөн кийин кана денемдин өзгөргөнүн” сезе баштадым.
Бара – бара ойлогон ойлорум тазаланып, керектүү сөздөрдү сүйлөп, келген ойлорумду талдоочу болдум. Сезимим жакшыра баштады.
“Жан дүйнөмдүн тазалыгы – ден соолугумдун тазалыгы” экендигин түшүндүм.