Эмне үчүн мээнин иштешин активдештирүү керек?
Башың бүтүн болсун. Ар кандай жаракат алуудан өмүрүң өткөнчө сактан, себеби баш, мээ аркылуу бүт денеге иштөө командасы кетет. Мээ ден соолукта болсо калган жабыр тарткан органдарды ойдун таасири менен башкарып, жаңылап алууга болоорун көптөгөн адамдар өз турмушунда далилдеп келүүдө. “Алты башың аман болсун!” – дегендей ар кандай шартта башыңды сакта. Башка таяк жегизбе, бирөөнү башка урба. Айрыкча жаш баланы башка чапоо керек. Мээни жакшы иштетүүчү керектүү тамактарды же. Балалуу болоордон мурун эненин ден соолугун чыңда, мээси таза бала ден соолугу таза бала болот. Себеби, ар бир адамдын ден соолугу эненин акыбалына жараша болот. Ошон үчүн үй-бүлө күтөөрдөн мурун ойлонуп пландаштыр.Ал сенин көптөгөн жылдарга түзгөн планың болот. Кыймылда, позитивдүү ойлон, маанилүү сүйлө.
Мээнин активдүү иштөөсү үчүн мындан ары ар түрдүү сунуштар, көнүгүүлөр менен иштейбиз.
1.Тамаша айтуу. Бири– бириңе көңүл көтөрүүчү тамаша сөздөрдү айтуу. Тамашалаганда ага да сага да кубаныч алып келүүчү тамашалардан сүйлөө же анекдот айтуу кан айланууну жакшыртат, себеби, тамаша дайыма адамга күлкү тартуулайт, көңүл көтөрүлсө жаңы ойлор, идеялар келет.
2. Жаңы курал. Мурда эч качан болбогон жерлерге баруу. Тааныбаган кошунаныкына кирүү, жаңы магазиндерге кирүү, жаңы киного, театрга баруу, башка шаарга барып келүү, ырдоо, ойноп– күлүү. Кыскасы жашоону жаңыча кубанычтуу көз караш менен кароо.
3.Суроолорго тескери жооп берүү. Албетте урушуп кетпеш үчүн алдын ала макулдашып алуу керек, сөздөрдү тескерисинче айтуу. Эске тутууну жакшыртат, мээ активдүү иштейт, жаман ойлор кетет, ден соолук чыңдалат.
Ар бир айтылган сөздүн таасири өзүң үчүн кана керек. Ачык, айкын, так сүйлөшүүлөр, жылуу мамиле, бири-бириңе болгон мээримдүүлүк – бул ден соолук.
Алыста болгон жакын адамдарың менен телефон аркылуу байланышып өзүңдүн көйгөйүңдү айтпай, маанай көтөрө турган сөздөрдү сүйлөшүү да өзүңдүн акыбалыңдын оңолушуна жардам берет.
Эгерде телефондон алган маалыматың жашоонун оң нугунда болуп сени сүйүнтсө – ден соолугуңду чындап, ишиңди алдыга жылдырат. Ал эми терс маалымат алсаң албетте, көңүлүңдү чөгөрөт, сезимиң начарлап, денеңде ар кандай ооруулар көтөрүлүп чыгат. Ошон үчүн бири-бириңе жаман кабарды айтаардан мурун өзүңдүн ден соолугуңду ойлон, ал жакын адамыңдын дагы ден соолугу экендигин унутпа.