Ашыкча күмөнсүрөө, коркуу, тынчсыдануу, кыжаалатчылык, боорукерлик, ишенбөөчүлүк, сөз кылуу жашоого кандай таасир берээрин өзүңөр ойлонуп көргүлө?
Жогруда көрсөтүлгөн мисалдардан “коркуунун” кереги жок. Аны күнүгө ойлонбостон жасоону эбак эле адатка айлантып алганбыз. Болгону аны туура түшүнүп, жасабай коюу, азыр колуңдан келет. Бул турмушта анчалык маани берилбегени менен болуп жаткан көрүнүш, көнүмүш адат. Ал адаттан арылуу ден соолукка пайда.
Эми, мындан ары жогорудагыдай көрүнүштү болтурбай коюунун толук мүмкүнчүлүгүң бар.
Ал үчүн ар бир адам – “ӨЗҮҢӨ ӨЗҮҢ КОЖОЮН БОЛУУ!” “ӨЗҮҢ ҮЧҮН ТАГДЫРЫҢА, ДЕН СООЛУГУҢА ЖАШООҢО, ОЮҢА, СӨЗҮҢӨ – ӨЗҮҢ КАНА КОЖОЮН БОЛУУҢ!” зарыл.
Эми, өзүңө өзүң”Мен мына азыр, ушул көз ирмемден баштап, менин эрким жана аң сезимим кол тийгиз экендигин түшүндүм! Өзүмдүн денеме, тагдырыма кожоюн болууну чечтим! Менин уруксаатымсыз эч кимдин менин дүйнөмө кирүүгө уруксааты жок! Мен өзүмдүн күчүмө өзүм ишендим! Кудай күчү менин денемде. Мен өзүм менен өзүм ынтымактамын! Биримдиктемин!”
Албетте, бул нерсени бир күндө үйрөнүү кыйын. Мен мисал келтирген нерселер сөзсүз ушундай тартипте болот дегенден алысмын, бирок негизги себептеринин “башаты ушул сыяктуу” көрүнүштөрдөн башталаары анык. Мындай сөздөрдүн эмне үчүн керектигин улам китепти окуу менен маанисине терең түшүнүп жан дүйнөңө сиңире бересиң. Ошондо кана өзүңдүн ким экендигиңди түшүнүп, жашоо сен үчүн бул жашоодо жашоого берилгенин кабыл аласың. Себептер аябай көп. Ар кандай шартта, ар кандай убакта, ар кандай кырдаалда ачыла берет. Бирок анын баарын түзгөн ар бир адам өзү. Өзүң түзгөнсүң, өзүң чечмелейсиң.
Өзүнө өзү тың, жаратканды билген адам – ар кандай тоскоолдуктан чыгууга күчү жетет же тоскоолдук түзбөй улам маселесин өз учурунда чечип жеңил жасап, жашоосуна ырахаттып жашап барат. Ал үчүн: ӨЗҮҢӨ ӨЗҮҢ ИШЕН! АР БИР АДАМДЫН КҮЧҮ ӨЗҮНҮН ИЧИНДЕ! ЭҢ ЧОҢ КҮЧ БИР КАНА ӨЗҮҢДӨ экендигин ар дайым эсиңде сакта!
Өзүңдү учур чакта кандай акыбалда көрсөттүң, кандай сөз сүйлөдүң, кандай иш аракет жасадың, ошону негиз кылып, калганын айлана чөйрөң өзү каалагандай чыгармачылык менен өздөрүнө жаккандай кылып көркөмдөп кооздоп алат. Ал эми, сен өз дүйнөңдө негизги жаратуучу күч өзүңсүн. Өз турмушуңду өзүң каалагандай өзгөртүп алуу колуңдан келет. Негизгиси “аң сезим менен түшүнүп жаса”. Ар кандай нерсеге кайра – кайра ар кандай суроолорду берип, мээнин иштешин активдештирүү зарыл. Түшүнүү үчүн албетте ар бир адамга турмуштук тажрыйба керек. Сабырдуулук, чыдамкайлык, изденүү, изилденүү, билим алуу, өнүгүү керек.