Таза ойлор Так сөздөр - страница 70

Шрифт
Интервал


Аны – ар ким өз жүрөгүн угуу менен, сезиминде туюуу менен билет, калыбына келтире алат.

Баардык нерсени өзүң жасагансың, аны кайра эле өзүң оңдой аласың, ал өз колуңда!


Эми, ак же кара булутту таркатуу үчүн:

демди терең алып, ичти тартып туруп, абаны ооз көңдөйгө сиңирип ал, да акырын демди ф-у-у-у-у-у-у-у-у деп чыгаргын.

“Ой менен бүт денеден тараган оруулардын, жаман ойлордун, терс сөздөрдүн нурдук агымы ооз көңдөйгө топ же шар сыяктуу топтолгун?!», – деп өзүңө өзүң команда, буйрук бер.

Ак булут өзүңдүн ой, сөзүңдүн, каалооңдун өз нугунан ашканы, жакшылыкты ашыкча жасаганың же келген нерсени кабыл ала албаганың

Кара булут– бул жаман ойлордун, терс мүнөздүн, ооруунун жыйындысы.

Экөөбү тең өзүң түзгөн, күчтөндүргөн акыбал. Ата-эне, ата– баба уруктарыңдан да келиши мүмкүн, бирок, баары бир “ ойдун башаты” өзүңдө, “жан дүйнөңдө”. Баардык жерде “тартылуу күчү” иштейт.

Ак же кара булутту кыял менен элестетип, ой менен же сөз менен айтып иштесе да болот. Ар ким өз тажрыйбасы менен иштеп ынгайлуусун тандайт.

Кыялында же өзүнүн үчүнчү көзү менен булутту алыстан көрсө, демек ал жакын арада ишке ашпайт, жакындан же төбөсүнөн көрсө, жакынкы арада боло турган жаман же жакшы окуя. Окуянын болоору жакындаганда “түш аркылуу же сезим менен денеге бериле баштайт”. “Ооруксунуп турам” же “бир нерсе боло тургандай болуп, кыжаалат болуп жатам”– деген ойлор, сезимдер келе баштаганда, “өзүңдү өзүң тынчтантып” ошол энергия менен иштеп, алдын ала таркатып же жансыздандырып койгон жакшы.

Жакпаган ойду кантип таркатып жиберсе болот?

Денедеги ооруунун энергиясы, жаман ойлордун энергиясы, сөздөрдүн энергиясы кан тамырлар аркылуу, энергетикалык нур жипчелер аркылуу бүт топтолуп тамакка келет, көз жаш болуп топтолот, ошол убакта жашты кармабай кое бер, ыйлагың келсе ыйла– бул көздүн каналдарын тазалайт, кээ бир адам эстеп, окшуйт, өзүн жеңил сезгендер жөн кана шарды же тоголок жипти элестетип ой менен акыр – ы-ын ф-ү-ү-ү-ү-ү-ү деп жерге түшүрүү керек.

Мунун баары ооруунун, ар кандай терс кыял – көзгө көрүнбөгөн дүйнөдөгү жашоонун элестери, жакын арада боло турган окуянын нуру. Эгерде көзүңдү жуумп карасаң кээ бириңерге көрүнүшү мүмкүн, сезими күчтүүлөр сезим менен эле сезе алат. Алар ар кандай образда көрүнөт, ооруу, проблема болсо кээ бирине курт, жөргөмүш, чымын, таракан, жылаан б.а. ар кандай сойлоп жүрүүчүлөр болуп көрүнөт. Кээ бириңерге карарган илээшкек же кандайдыр бир жийиркеничтүү, чоюлчаак нерсе болуп көрүнүшү мүмүкүн. Кээде жатканда көзгө ар кандай нерселер көрүнүп уктай албай кыйналган убактар да болушу мүмкүн.