Таза ойлор Так сөздөр - страница 81

Шрифт
Интервал


Эми, сенин жекекче жашоого болгон көз карашыңды уккан адам кандай деңгээлде түшүндү, ошого жараша ал адамдын дүйнөсүндө сенин образың жашай берет. Ошон үчүн кээ бир адам сага болгон өзүнүн көз карашын, оюн өзгөртө албай кыйналат. Ийгилигиңе кубана албай, бир убакта өтүп кеткен жамандыгыңды эстеп, катып калган жараңды канатып чукуп, жаныңды кейитет. Же болбосо жасабаган нерсең үчүн күнөөлүү кылып айыптайт. Андай учурда “өзүңдү коргоп, актап жана сактоо” керектигин унутпоо керек.Андай убакта тамакты бууп турган “ күнөөлөгөн” сезимди чыгарыш үчүн сөз менен айтып, керек болсо катуу үн чыгарып урушууга чейин барууга туура келет. Ансыз маселе чечлибеген бойдон кала берет. Сен жөнүндө “жаман ойлогон адам” жаман оюн уланта берет. Ошондуктан, жакын мамилелеш адамдарыңар менен ар кандай келишпестиктерди сөз менен айтып, ал адамдын сен жөнүндөгү оюн угуп, эртерээк чечишип алган жакшы. Ошон үчүн кээ бир адамдын жанында тургуң келбейт. Убактыңды короткуң келбесе, алысыраак болгон дагы ыңгайлуу.

Себеби, айтылган сөз качандыр бир убакта сенин оозуңдан чыккан же жакын мамилелеш адамдарыңдын ушак сөзүнөн улам кооздолуп, көркөмдөлүп келе жаткан нерсе. Аны өткөн чакта уккан адам ошол эски көз караш менен жашап келе жатат, а сен жашоо шартка жараша өзгөрдүң, жашоого болгон көз карашың заманга жараша ар тармактуу болду, акылың, билимиң өстү. Эми, сен өзүңдүн жашоого болгон көз карашың менен каалоо ниеттериңди көбөйтүп, окуп, үйрөнүп өзүң каалагандай жашап келе жатасың. Күндөн күнгө ойлогон ойдун образы, элеси күчкө толуп, өзүңдүн энергияң, ден соолугуң менен ошол айтылган сөздү күчкө киргиздиң, энергия сен аркылуу айланга тарады. Каалаган жашооңду жараттың. Сөздүн автору, булагы сенсиң. Ошентип, жыйынтыгы өзүң түзгөндөй тагдыр болуп келе жатат.

Сөздү күчкө келтирип жандандырып, керектүү линияга, толкунга, токко улаган ар бир адам өзү. Ошон үчүн күнөөлүүнү издөөнүн же өзүңдү өзүң күнөөлөөнүн кереги жок. Себеби, өз сөзүң менен өзүңө өзүң жашоо түзүп жатасың, турмуштан тажрыйба алып жатасың. Болгону “өзүңө өзүң жоопкер” бол! Өз кылган ишиңе өзүң жоопкер болуу жашооңду жеңилдетет.

Сенин каналың аркылуу Ааламга кандай маалымат жөнөтүлдү? Эмнени мейкиндикке трасформация кылды?

Жообун өзүң аласың. Анткени ал сенин каналыңдан, сенин радиоңдон, сенин алкагыңдан аба толкунуна өз денең аркылуу жөнөтүлдү. Ал жактан энергия кайрадан күчөтүлгөн, тез кубаттуулукта, көп өлчөмдө өзүңө оюң, сөзүң аркылуу кайтып келди. Себеби, ал токтун импульсун сен жөнөткөнсүң, токтун булагы сенсиң, ошон үчүн өзүңө кайра кайтып келет. “Шаровая молния” тийип күйүп кеткен адамдар алар кимдер? Эмне үчүн ошол адамды издеп таап күйгүзөт? Өзүңөр ойлонуп көргүлө. Эмнени көп ойлоп, сүйлөп сезимиң менен жөнөтсөң ошону көп өлчөмдө алаарыңды ар дайым эсиңде сакта.