Алар күнүмдүк жашоодо эле пайдаланып жүргөн сөздөр экендигин Пезешкиан аныктаган:
Менин чыдамым кетти, азыр жарылат
Башым катты
Мени бир нерсе жеп жатат
Ал нерсе, сөз менин бөйрөгүмдө олтурат
Бөйрөгүмдү жеп бүттүң
Мага аба жетпей калды
Кислородду бууп койдуң
Түшүнбөйм, мен аны эч качан кабыл ала албайм
Менин согумду сыгып алдың го
Канымды буздуң, сойдуң
Чүчкүрдүм мен аны
Көңүлүм айланат, кускум келет
Бычак менен жүрөккө сайдың
Мен сени көргөндө титирейм
Жаным чыгат, жанымды чыгарба
Жанды кейитпе, жанымды какшатпа
Жаныңды жегир, жаныңды жебе
Мени какшатпа, чыдамым кетти
Мойнума отуруп алдың, мойнума отурба
Момундай тойгуздуң, кускудай кылып тойгуздуң
Тамагым буулат, иренжийм, тамакты сыгып койдуң
Тамактан өтпөйт, тамак өтпөй калды
Жаным кыйналды, жаным кыйналат, жашагым келбейт
Ичимден бир нерсе жеп жатат
Жүрөк сыгылат, жүрөктү сыкпа, канды кыспа
Жүрөккө бычак сайдың, канжар сайдың
Мени өлүмгө такаба, касамга алба
Менин теримде болуп көрчү
Өлүгүңдү көрөйүн, өлүкканаңды көрөйүн, өлүгүңдү көрбөй калайын, өлүгүңө отурайын
Мойнуңду жулуп алам, мойнуң кыйшайсын
Келмең оозуңа келбей калсын
Заманаң куурулсун, жерге кир, кара жерге кир
Жара чыксын, жара чыккыр, отура албай кал
Такымын кургур, такымыңа жара чык
Тилиң буулсун, сөз таппай калсаң экен, оозуңа келмең келбей калсын
Бутуң баспай калсын, ылайым баспай калсаң экен, тушалып кал
Баспай эле кой, басып эмне кыласың, буттун сага кереги барбы
Көзүң кашайгыр, көр, көрбөй калсаң экен, көр болгур,сокур, карама көр, караңгыда көрбөй калсаң экен
Кар, дүлөй, укпай калсаң экен, укпай эле кой, укпай кал, кулактын сага эмнеге кееги бар, угуп эмен кыласың, буга сөз өтпөйт
Кор болгур, кашайгыр, жетим, тирик
Тукумуң кур, тукумуң кургур, тукумуң өспөй калсын
ж.б.у.с.сөздөр ден соолукту бузаарын аныктаган. Чындыгында бул сөздөр күнүмдүк жашоодо ар бир эле адамдын сөз пайдалануусунда кездешет. Бирок ушул сөздөрдү дене кантип угуп, кантип заматта ишке киргизип жатканына көңүл бөлгөн адам өтө аз. Ошон үчүн сөздүн сапаттуулугуна, тазалыгына, ден соолукка зыян келтирбей турган сөздөрдү пайдаланууга үйрөнүү зарыл.
Бул сөздөрдүн маанисине түшүнбөгөндөр “жөн эле айтып койдум”, “жаман ой жок менде”, “ой, тамашалап эле айттым мен аны” – деп айткандар чанда кездешет. Ал эми “сезимтал”, денеси так иштеген адамдар үчүн бул сөздөр “уу сөздөр, ден соолугун заматта бузуучу сөздөр” экендигин сезет. Ошон үчүн кээ бир адам бир сөз айтсаң ыйлаганга даяр, кол көтөрүп мушташканга чейин барат. Себеби андай адамдын денеси ал программаны тез аткарууга киришет, акылы менен түшүнбөсө да денеси, жан дүйнөсү аркылуу кандай программа ишке кирээрин түшүнөт, сезет. Ошон үчүн андай адам денесин бузуучу, өлтүрүүчү сөздөрдү пайдаланган адамдардан алыс болууну чечет. Аны түшүнбөгөндөр өтө сезимтал, көзгө көрүнбөгөн дүйнөнү сезген адам жөнүндө “Буга бир нерсе дей көрбө, азыр ыйлап жиберет”, “Колуң тийип кетсе деле мени урду деп ыйлай берет”– деп шылдың кылышат.