Таза ойлор Так сөздөр - страница 9

Шрифт
Интервал


Ал эми, бут кийимдин ыңгайлуу болушу – бул чың ден соолуктун башаты.

Бут канчалык эркин чоңойсо, дене, мүчө ошончолук эркин чоңоюп, чың ден соолукка фундамент курат. Себеби, таманда бүт органдардын акупунтуралык точкалары бар, кан айланууну өз нормасында айлантып, нур айлануу каналдары аркылуу денеге токту, жылуулукту тынымсыз берип турат..

Үйдөгү, жумуштагы, окуудагы б.а. баардык жердеги тазалык – бул ден соолуктун тазалыгы. Канчалык жашаган үйүң ыңгайлуу болуп, баскан, турган жериң таза болсо, дене ошончолук сергек, чыйрак болот эмесби.

Үйдү тазалоо, комнаталарды желдетүү, кийимди таза жууп, үтүктөп кийүү бул, ар бир эле адамдын күнүмдүк жашоодогу милдети экени айдан ачык. Аны баарыңар түшүнөсүңөр.

Турмушта ар бир адам тазалыкты кандайча, кандай деңгээлде пайдалана алат?

Ойдун тазалыгын сактоо үчүн эмне кылуу керек? Анын зарылдыгын түшүнүп алган пайдалуу.

Күнүмдүк турмуштагы тазалык – бул, дененин, ички жана сырткы дүйнөңдүн, ойдун, сөздүн тазалыгы!

Үйдүн тазалыгы – бул ойдун тазалыгы!Демек, ден соолукта болгондугуң ошол.


Бул өтө жөнөкөй жана көңүлдү анчалык бура бербөөчү нерсе: алган нерсеңди буюмуңду кайра ордунда койгонду билбегендик, ойлогон ойдун баш аламандыгы, үйдөгү же жумуштагы баш аламандык болуп эсептелет же эмнени каалаганды билбей ар нерсенин башын бир кармоо, ички дүйнөнүн баш аламан, тартипсиздиги.

Күнүмдүк жашоодогу баш аламандык, бул жан дүйнөнүн жараланышы, ойдун бузулушунун башаты, баштаган иштин аягына чыга албастыгы, ийгиликке жетише албагандык, жашоодогу ар кандай жетишпестиктер мына ушундай себептерден башталат.

Күнөөлүүнү издээрден мурун, өзүңдү өзүң алыстан карап, эмне жасап жаткандыгыңды байкап көр. Азыркы акыбалыңды оболу кабыл ал, андан кийин башкача жасоого өт.

Китептин кээ бир жерин кайталап окуу “жан дүйнөнү тазалоого, өзгөртүү киргизүүгө” жардам берет.

Сөздөрдүн кайталанышы “жан дүйнөнү тазалап, ар бир адамды өзү түзгөн программадан жана өзүнө жакпаган дүйнөдөн, жашоонун жаңы барагына, жеңил, кубанып жашоо ыргагына өткөрөт”. Өзүңдүн акыбалыңды кантип жасап алгандыгыңды түшүндүрөт. Албетте, бул нерсени өзү түшүнүп, турмуштук тажрыйбаңдан өткөрө билсең.

Ошондуктан, “өзүң менен өзүң иштөө, ар бир нерсени терең түшүнүүгө жол ачып, дененин эркин, ден соолукта жашоосуна жол ачат.

Көнүмүш күнүмдүк жашоодогу ойду өзгөртүү өтө орчундуу маселе. Ага ар бир адам өзү күбө.