Эмне үчүн айтылган сөз атылган октой иштейт?
Ар бир эл адам учуру келгенде сүйлөгөн сөзүнө анчалык маани бербей, бир нерсени сүйлөш керек же бекерчиликте бекер кеп, деп ар кандай сөздөрдүн учугун улап бири – бири менен сүйлөшө беришет. Мына ушундай талкууга катышкан адамдар, талкуу жүрүп жаткан убакта ар кандай сезимде болушат. Ал айтылган сөздөр кимге таасирдүү, кимге анчалык маани бергидей эмес болсо дагы, учуру келгенде баары бир аткарылууга кетээри белгилүү. Анын аткарылышы адамдын “жан дүйнөсүнүн” акыбалына, “ишенимине” жараша болот.Сыртынан ачык айтпаганы менен ичинен ойлонуп, ошол окуяга “көңүлүн буруп” өзүнүн энергиясын бере баштайт
Аткарылып кеткенден кийин “Ой биз аны жөн эле тамашалап айтып койгонбуз!” – деп таң калышат. Ошон үчүн элибизде илгертеден “Айтылган сөз, атылган ок!” – деп бекеринен айтылган эмес. Жаман сөзгө да жакшы сөзгө да шайтан оомийин, дейт дегендей эле.
Эмнеден коркуп, эмнени көбүрөөк сөз кылсаң, дал ошол коркунучтун ээси өзүң болуп, анын тезирээк ишке ашышына чоң салымыңды кошуп, корунучтун толкунун күчкө киргизип, ден соолугуңду кырсыкка учурата аласың.
“Коркунуч адамды иштен чыгаруучу чоң – күч, эгерде терс жагын кабыл алсаң”. Аны токтотуу ар бир адам колунан келет, себеби аны өзү түзгөн. Ал үчүн коркунучту кантип башкарууну үйрөнүү керек жана денедеги болуп жаткан өзгөрүүгө көңүл бөлүү зарыл.
Коркунучтун оң жагын алсаң, анда ал сени дайыма алдын ала кырсыктан сактоого, келечекти түзүүгө чоң жардам берет. Ал эми, терс жагы тезирээк орууга, өлүмгө түртөт.
Мисалга алсак: 1970-чи, 1980-чи жылдары балдарым жогорку билимдүү болсо экен деген ата-энелер көп болгон. Өздөрү учурунда тиешелүү билим ала албагандыктан өздөрүнө өздөрү сөз беришкен: “Буюруса мен балдарымды сөссүз жогорку билимдүүлүккө окутамын!”– деп. Мына эми, бүгүнкү күндө алардын урпактары жогорку окуу жайларынын бирөөн эле эмес, экиден, үчтөн окуу жайларын бүтүп, көптөгөн кесиптин ээлери. Тилекке каршы кесиби менен иштегени азыраак. Себеби, ал каалоо ата-энесинин же жакын адамдарынын бир убактагы каалоосу болгон.
Кээ бир ата-эне эски көз караш менен бүгүнкү күнгө чейин уул– кызына эркиндик бербей өзү убагында ишке ашыра албай калган “максатын, тилегин” балдарына таңуулап, сен “юрист” бол, сен “экономист”, сен “врач” бол деп балага “өз тагдырын өзү түзүүгө тоскоолдук кылып” келүүдө.