Бул, жашоо, турмуштук өнүгүү. Кээ бири “аң сезиминин” өнүгүүсүнө карап каалаганына эрте жетсе, кээ бири эми тамыр алып, мөмөсүн жеп көрүүдө. Ар кимдин өнүгүүсү, жашоосу, басып өтө турган жолу, турмуштан алган тажрыйбасы ар башкача, өнүгүүнүн ар кандай этабында.
Ал эми, жашоону “түшүнүп, тандап” жашагандар сейрек кездешет. Азыркы учурдагы көпчүлүк жаштар болсо “эркин адамдар, эркин жашагысы келет”. “Эркиндик– бул өтө кымбатка тура турган сезим!”. Аны кээ бири көп ачкага сатып алса, кээ бири өзүн өзү тарбиялоо менен бекер ала алат б.а. өзүндөгү эркиндиктин сезимин ойготуп, эркиндикти башка жактан издебей сезими менен сезип күчүнө киргизе алат. Кантип, ”Барда көппөй, жокто чөкпөй жашаганды билет!”
Ата– эненин ошол кездеги “жогорку билим алуу сөзсүз түрдө керек” – деген коркунучу алиге чейин “аң сезиминде” жашап жаткандыктан, өтө сезимтал кээ бир жаштар “жакшы бала болгусу келип” же мээр төгүү жетпегендиктен бир диплом аздык кылып, дагы окушум керек деген ниет менен ата-эненин “көңүлүн” өзүнө каратат. Ал эми,кээ бир жаштарга окуган жагат, себеби, иштегиси келбейт. Ата-эненин каржылоосу аны канааттандырат. Ошондуктан студенттик курагын дагы узарткысы келет. Ал эми, кээ бири ата-эненин каалоосун аткаргандыктан окуган кесиби боюнча иштеги келбей, башка тармакта иштегиси келгендиктен өзү каалаган кесипте билим алгысы келет. Ал сыр ар кимдин өзүнө кана белгилүү. Ошондуктан “өзүңдү өзүң угуп, кандай болсоң ошондой кабыл ал!” Жакпаганын өзгөртүүгө толук акың бар.
Мезгилге жараша жаштар, биз билген нерсени “ички дүйнөсүндө” б.а. өткөн жашоосунда бизден мурда жашап, басып өткөндүктөн, аларды өзүңдүн шаблонуңа салып тарбиялоонун кереги жок. Мен аны түшүндүм. Силерге да ошону каалайм. Билбеген нерсесин жөн кана кантип жасоону көрсөтүп койгон оң болооруна көзүм жетти, калганын өздөрүнүн фантазиясына жараша жасап кетет. Алардын жаны турмуштан тажрыйба алып такшалган, ошон үчүн ар дайым “жаңы төрөлгөн” балдар жашоонун өнүккөн толкунунда төрөлгөндүктөн ата-энеден көптү билип, сезиминде алдын ала сезип башкача жашагысы келет. Себеби, алар жашоонун энергиясынын өнүккөн алкагында төрөлүштү.
Жаңы жаралган адамдар жашоонун “жаңы нур каналында” жаралган. Чоң ата, чоң-эне, ата-энесинин “нур толкунун ылдамдыгына” салыштырмалуу алардын “нур толкунун ылдамдыгы тез”. Маалыматтын тездетилген алкагынан нур алышат. Ошон үчүн жаштардын жашоого болгон көз карашы башка б.а. сүйлөгөн сөздөрүнүн тону башкача, тембри “ылдам темпте”.