Таза ойлор Так сөздөр - страница 98

Шрифт
Интервал


Ошондуктан “өткөн чак” да, “келечек” жашоо да, мына “азыр, учур чакта, бүгүнкү күн” менен бирге жашайт жана дайыма бири– бири менен тыгыз байланышта.

Аны ар бир адам “учур чак” менен жашап кана, сезими менен сезип, жытын жыттап, элеси менен кыялданып, даамын татып, өз колу менен жасап, айлана чөйрөсү менен биргеликте иштеп, кооздоп, көркөмдөп, өзү каалагандай жашоону түзө алат. Каалаган нерсеге жеткирүүчү, кыймылга келтирүүчү, биздин “секунда” сайын ойлоп жаткан ойлорубуз, учур чакта сүйлөп жаткан сөздөрүбүз жана жасаган иш аракеттерибиз.

Мына ушулардын “баары биригип бир бүтүндүктү” түзөт жана ал ар бир адамдын өзү менен жана айлана чөйрөсү менен кыймылга келип жанданат, керектүү образдар түзүлөт, Ааламга жөнөтүлөт. Ошентип, ар бир адам өзүбүзгө өзүбүз жашоо түзөбүз. Бешенеге, алаканга, ДНКга, генге жазылган нерсе мына биздин учур чактагы сезимибиз, ойлогон оюбуз, сүйлөгөн сөзүбүз, жасаган ишибиз экендигин түшүнүү ден соолукта болуу үчүн пайдалуу.

Ар бир темада мен ушул эле ойлорго, сөздөргө басым жасап келе жатам. Себеби, жашоонун маңызын дал ушул нерселер түзөт. Бул сөздөр канчалык көп кайталанган сайын “жан дүйнөгө” терең сүңгүп кирип орун алат, жана кайрадан жаңы жашоого мүмкүнчүлүк түзөт. Ар кимге мунун баарын өтө терең түшүнүү үчүн ар кандай убакыт керек. Бир адамга бир “секунда” жетишээрлик болсо, кээ бир адамга бир эле өмүр эмес, бир канча кайра жаралуу же “адам өмүрү” талап кылынат. Себеби, терең түшүнүүнүн ачкычы – бул турмуштук тажрыйба болуп эсептелет. Ал эми, турмуштук тажрыйбанын сапаты ар кимде ар түрдүү. Бирөөдө жашоонун жаман жагы жөнүндө маалымат көп болсо, экинчисинде жакшы эмоционалдык маалыматтар көп. Мына ошого жараша, бул жашоодо бирөө ийгиликке тез жетсе, экинчи адам ар дайым ар кандай тоскоолдукка туш келе берет. Ар кандай тоскоолдуктан чыгугууга ар дайым “өзүң менен өзүң иштөө” жакшы жардам берет.

Турмуштук тажрыйба – бул сенин өзүң жасаган ишиң, ойлогон оюң, сүйлөгөн сөзүң, жасаган мамилең, сезген сезимиң,түзгөн образың, жыттаган жытың, уккан үнүң,көргөн көзүң, таткан даамың, басып өткөн жолуң, жасаган жумушуң.

Турмуштук тажрыйба – бул бир ордунда туруп калбаган, дайыма өнүгүү, өсүү жолундагы жашоонун багыты. Ким узак жашоону, ден соолукта жашоону ниет кылса – ал адам энергиянын кубатын күчөтүп, узак жашай алат, себеби, “жан дүйнөгө узак жашоо программасын” киргизет. Эгерде “эч нерсе жасагың келбей жалкоо болсоң анда энергиянын нормалдуу агымы бузулуп, адам денесинде ден соолукка зыяндуу көрүнүштөр башталат.