Тамгалар ырдайт - страница 2

Шрифт
Интервал



Венера

Кошуна кыз жаркылдайсың Венера.
Салам айтып тамашалайсың Венера.
Зериктирбей аркы-берки кеп салып,
Тамашакөйсүң ачык жансың Венера.
Кымча белиң басканың сенин маралдай.
Көз салсаң катып калам кача албай.
Жашым кичүү айыптыгым ушунда,
Аттиң кала берем айта албай.
Жөнөкөйсүң сен башкалардан бөлүнүп.
Сырдашканда сен жамгырсың төгүлүп.
Асмандагы жылдызсыңбы Венера,
Бир жаркырап бир башкача көрүнүп.

Кошуна кыз айдай кызым Венера.

Сыр бербей сырдашам мен жөн гана.

Айырмабыз эки жашка улуусуз.

Айта албай сактап келем жөн гана.


Гүл сундум

Биз кыздарды гүлгө айга теңейбиз.
Гүл сунуп белек берип келебиз.
Оюн кулку шапаар тээп ойлонбой.
Кыз аттуга жүгүрөбүз неге биз.
Гүл алдыңбы апакеңе сен арнап.
Асыл кымбат деп аны баалап.
Кабак кашым дебей бизди өстүргөн,
Гул тердиңби апама деп анык баалап.
Апа кымбат асылдыгын сезбейбиз.
Катуу айтса таарынабыз кектейбиз.
Ал да жан белек алууга татыктуу,
Гүл сунуп татту белек неге бербейбиз.
– — – — – — – — – —
Тур жөнө белек алгын камдагын.
Эртең кеч бүгүндөн эле баштагын.
Убактылуу бул жашоого апаңа,
Сыйлай албай апакеңе калбагын.

Даарыгер

Ах халатчан сыпайы назик дарыгер.
Ден-соолук теңирим буларга бере көр.
Ковид каптап турганында элимди,
Эң барктуу асыл болдуңар дарыгер.
Бутту бүгуп жатып албай куушуруп.
Иштедиңер ооруу менен алпурушуп.
Жеңербиз деп ооруу кургур немени,
Болдуңар силер алдыга карай умтулуп.
Баркыңарды сезбей чыны келгенбиз.
Көрдүк чыны кубатуулугуң эми биз.
Бар болгула тандаган кесип даарыгер.
Чыны баатыр экенинди билдик биз.



Жалал-Абад

Жалал-абад эки башка жазылып.
Баш тамгасына «Ж» тамгасы тагылып.
Башка шаарга алмаштырбасын дегенби,
Жалалдан соң тире турат жазылып.
Базар-коргон Ала-бука Аксы бар,
Тогуз-торо Сузак жана Ноокен бар.
Чар тарабы курчаган көл менен.
Чаткалдан соң Токтогул жерим бар.
Улуттарга бөлүп биз чыны келбейбиз.
Конок келсе чык лебей кел дейбиз.