Адамдын Асыл ойлору - страница 11

Шрифт
Интервал



* * *

Согуш болгон жерде коркоктук тез көзгө чалдыгат. Бирок кимдир бирөө баатырдык жаратса, аны менен бардыгы даңктанат.

Эрдиги менен жалпы журт даңктанат.


* * *


Акыйкат, эркиндик экөө коркунуч менен бийликтен бийик турат. Оор кезеңде адамдар ошол экөөнөн жөлөк издеп турат.


* * *


Бизди кудай көрүп турат дегениң жакшы кеп болот. Бирок ошол кебиңдин тууралыгын тарбияң, жүрүш-турушуң жана жасаган ишиң менен далилдөө ишеничти жаратат.


* * *


Ааламда кудай бирөө болгон сыяктуу жердеги чындык бирөө. Эгерде экөө болсо, ал акыйкатка такыр сыйбайт.


* * *


Туулган жерде жар кыяда кетип бараттым. Жар кыяда өткөн балалыгым колун сербеңдетип туруптур. Аны кыя албай далай ирет кылчак-кылчак карап бараттым.


* * *


Бактысыздыкты деле, бакытты деле адамдар жаратат. Бактысыздан кара шамал уруп турса, бакыттан жан жыргаткан салкындыктын шапатасы бетибизди аймалай, кубанычтын демин жаратат.


* * *


Чындык дарбазадан кирип, үйдөгү шайтандарды кууганда, ал көрүнгүс болгон. Демек, мындан ары бул үйдө бакыт кушу уялайт деген бүтүм болгон.


* * *


Деңиз толкун чачып, иштеп жатат. Ай нур төгүп, иштеп жатат. Мен жээкте ыр жазып иштеп жатам. Эч кимдин колу бошобойт, баарыбыз иштеп жатабыз. Эмгектен ырахат алып жатабыз.


* * *

Бала чагымда көл жээгинде өстүм, көл толкунунун үнү эсимен кетпей калыптыр. Энекем мага жомок айтчу эле, ошонун үнү да көл толкунундай эсимен кетпей калыптыр.Жаш чакта жалгыз досум бар эле. Ошонун айткан акыркы керез сөзү оюман кетпей калыптыр. Туулган жерде бир саз бар эле, сууда бакалар чардоочу, ошолордун үнү да, көңүлүмөн кетпей калыптыр.


* * *

Эч кимге көрүнбөй адамга экөө келди. Бакыт жана шайтан. Адам кайсынысын ээрчитет, анысы тагдыры. Бакытты ээрчитип кетсе экен. Аны көрүп биз да бактылуу болсок экен.


* * *

Үй-бүлөнүн эркеги жаман болсо, ошол үй-бүлө кыйналат. Эл

башчысы жаман болсо, бүтүндөй журт кыйналат. Буларды көрүп туруп башка эл кыйналат.


* * *

Пара, акчага адамдар азгырылып кетти. Пара берген киши да, пара алган адам да арам. Пара болгон жерде өсүү болбойт, аны ойлогон адам да арам.


* * *

Бул жердеги адамдарын баары биригип актыкты өлтүрдү. Эми алар кара көйнөк кийип, каралык менен өмүр сүрүп жатышат. Катуу кооптоном, алар эмнени иштегени жатышат.


* * *

Ырайымсыз бийлик, байлык, ач көздүк уялаган жерде чындык менен акыйкат качып, шайтан уялайт. Андай жерди жакшылык кантип уялайт.