Адамдын Асыл ойлору - страница 17

Шрифт
Интервал



* * *

«Сүйүүдөн бактыбызды таптык» деп айткан сөздү көп жаштардын оозунан уккум келет. Дагы эле уга бергим келет.


* * *

Жакшы ынактар бири-биринин күнөөсүн кечиришет. Анткени сүйүү ар кандай кемчиликтен жогору турат. Анын жакшы жагы ошондо.


* * *

Баш кошкондор үчүн алдыда чоң иштер бар. Мурун алар ата-энесинин камкордугунда болсо, азыр кичинекей үй-бүлөлүк өлкөнү курууга аттанып чыккандар.


* * *

Кандай адамга баш коштуң, ошол адамдан сенин караан элесиң көрүнүп турат.


* * *

Аялына баш ийген арсыз адам эл башкара албайт. Эл эмес койнунда жаткан аялын да башкара албайт. Эл башкаруу үй-бүлөнү башкаруудан башталат.


* * *

Тарбия гүлдөп турган дарак. Жакшы тарбия жемиши даамдуу дарак. Адамга түрмө да тарбия. Бирок анын жемиши өтө ачуу дарак.

* * *

Жакшы нерсе ыплас жерде жатса да, кайра-кайра карантат. Кеп ошол жакшы нерсе ыпластыкты тепсеп жатпайбы.


* * *

Асмандагы жалгыз айды, жалгыздыгы үчүн аягам. Жалгыз жашап, ар түндө аны караганым үчүн өзүмдү да аягам.


* * *

Өсүүчү жигиттин жолу башкача болот, жаш чагында эле басаар жолу дайын болот. Салган жолу өзүнө даңгыр болот.


* * *

Бул үйдө атасынын өз орду бар, энесинин да өз орду бар, балдарынын, кыздарынын өз орду бар. Демек, бул үйдө жашоо өз жолунда.


* * *

Улгайган адам көлчүктү карап туруп өзүнүн өңүн көрөт.


Өзүнөн мурун улгайган кезин көрөт.


* * *

Баланы куш сыяктуу таптап жаткан чеберди көрөбүз. Баланын жаңы башталган талантын көрөбүз. Баланы таптаган чебердин ишин көрөбүз. Барып-барып эле баланын куш сыяктуу учуп баратканын дагы көрөбүз.


* * *

Таланттын ар кандай түрү болот. Ийгиликке жеткендер жана жетпегендери болот. Жетпей жүрөм деп, мээнеттенгендердин арасында эбак эле жетип алгандар болот. Жеттим дегендердин арасында жетпей жүргөндөр да болот.


* * *

Мен өзүмдү ойлойм, анан үй-бүлөөмдү ойлойм. Анан чыгармачылыгымды ойлойм. Аягында барып-барып эле аз калып бараткан өмүрдү ойлойм.

* * *

Капалуу жүргөн адам капаны, кубанычтуу жүргөн адам кубанычты чакырат. Капага да, кубанычка да батпаган адам бул ааламда барбы ыя?


* * *

Тулпар оор жолдо сыналат.Баатырдык кыйын кезде сыналат.Адилеттик үчүн аттанып, кайраты кайрылган эрдик түрмөнүн ичинде сыналат.


* * *

Ынак эки жашты бириктирген бир нерсе бар – ал сүйүү.


* * *

Баардык жаштар «бактылуу болсок» деп үйлөнүшөт. Анда аларга бактысыздык кайдан жармашып алган?