Ушул китеп мындан мурун окуучулардын терең катмарына сунушталып, айрым жылуу пикирлер айтылды. Автор чыгармасын дагы бир сыйра карап чыгып сыдыргыдан өткөрдү. Мындай китепти жаратуу өтө оор кээ бир ойлор улам-улам кайра кайталанып калышы ыктымал. Же, айрым ойлор башка ойчулдардын ойлоруна окшошуп калышы мүмкүн. Асыл ойлордун баардыгы эле элде айтылган ойлор, бирок аны автор кагазга түшүрүп, башкача иштеп чыгып, окуучуларга тартуулап жатпайбы. Бул ойду кытайдын улуу акылманы Конфуций да айтып чыкпадыбы.
Негизи акылдуу болуш үчүн он китепти окуп чыгуу жетишерлик, ал эми бир китепти жазыш үчүн миңдеген калың-калың китепти окуп, башкача жаңы ой жүгүртүү керек дегендей. Эми учкул сөздү же жалпы эле китепти окуунун өзүнчө эоежеси бар сыяктанат. Окуучу китепти жөн эле окуп койбостон, анын кереметин жан дүйнөсүнө сиңирип алып, аны түгөнбөс рух кылып, турмушунда пайдаланыш керек. Ошондо китепти окуунун көркү чыгат.
Кыргыз элинде көрүнүктүү жетекчилер чыккан алардын эмгеги элибиз үчүн чоң үлгү жана түгөнбөс рух. Улуу өлкө жетекчиси И. Раззаковду ким билбейт. Анын учурунда өлкөбүз өнүгүп- өсүүнүн чоң деңгелине жетти. Анын бир кереметтүү учкул улуу сөзү бар «Сен таза болсоң, мен таза болсом коом таза болот». Ушул сөздү биздин кийинки жетекчилер эсине салганда мындай армандуу окуялар болбойт эле го. Кээ бир бийликтегилер дүйнөлүк улуу чыгарма, океандай кенен, ырдын генийи «Манас» китебин жана дүйнөлүк улуу жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармасын окуган эмес экен. Ошол үчүн аларда Ата Мекендин улуулугун билбей, ар кандай ыплас нерселерге тебелене дуушар болуп, уяты чыгып жатпайбы. Улуу китептин бар экенин билбей калуу канчалык арман. Аларды эч ким оку деп кыйнабайт, алардын жан дүйнөсүндө Мекенди сүйүү руху такыр ачылбай калып жатпайбы? Жана элдин алдында оокат, байлыктын кулу болуп, элди унутуп мүлк чогултканга кирбедиби. Элге бата албай чет жакта жашап жатпайбы.
Автор бул китептин атын бир канча жолу өзгөрттү. Ал көп жылдары педагог болуп иштегендиктен « Педагогдун асыл ойлору» деп атады. Андан кийин «Адамдын асыл ойлору» леген ат берилди.
Эми биз айрым учкул сөздөргө токтоло кетели. « Акыл алтындан артык, бирок алтын табылгыс байлык», Бул учкул сөз эмне жөнүндө түшүнүк берет. Албетте акыл деген акыл. Адам акылы менен эмгектенип алтынды табат. Чындыгында акыл баардык кезле алтындан артык болуп келген. Акылы менен адам алтын табат, анан ал байлыкка карай аттанат. Дагы бир учкул сөзгө токтололу «Чындыктын жүзүнөн эл үчүн иштеген кишинин өңү көрүнөт, а жетекчинин жүзүнөн чыныгы турмуштун өзү көрүнөт». Бул жерде жетекчи жана чындык жөнүндө сөз болуп жатат. Жетекчи чындыктан тайса, ал жетекчи эмес, жөн эле бир сөлөкөт. Бул жерде бул учкул сөз жөнүндө көп мисал келтерсе болоор эле биз аны токтотолу. Бирок учкул сөздө философиялык ой жана көркөмдүк бпрбы? Алар жок болсо, чыгарма, чыныгы чыгарма болбой калат. Бул жерде «Көрүнөт» деген сөз эки жолу кайталанып жатат. Учкул сөздүн көркөмдүгү кетип кемип кадган жокпу? Жок. Кайра сөздөр чынжыр менен байланышып, өзүнчө көркөмдүктү түзүп, кулакка уккулуктуу болуп тургансыйт. Мындай кайталанма көркөмдүк « Инжилде», же, «Алтын китепте» кездешет. Автор ошол китепти терең окуган окшойт. Биз адабий сынчы эмеспиз, жөн эле китеп сүйүүчү окурманбыз. Сынды адабий сынчылар, адабиятчылар, учкул сөздү изилдөөчүлөр берсе, дурус болоор эле.