Адамдын Асыл ойлору - страница 24

Шрифт
Интервал



* * *

Кээде бир класстагы окуучуну тарбиялоого караганда, бир баланы тарбиялоо өтө оор жүктөй сезилет. Тарбиялоо өтө оор экенин ошондон эле билүүгө болот..


* * *

Көңүлүң эмнени кааласа, ошону аткар. Ал акылың жана жүрөгүңдүн кезиккен туундусу.


* * *

Ашкере жулунганың менен бай боло албадың, байлыкка жетүүнүн да өз ченеми, өз өлчөмү бар тура.


* * *

Мага дүйнөдөгү улуу керемет жай – өз үйүм, өз очогум экенин алыста жүргөндө сезгем.


* * *

Жаңы ачылышты жасаш үчүн жаңы кайрат керек. Кайратты жаратыш үчүн талыбаган изденүү керек.


* * *


Улуу чыгармаларды руху күчтүү таланттуу, маданияттуу адамдар жаратат.

* * *

Жаңы өсүп келаткан муун өлкөнүн келечеги. Анткени, адамдар алардан көп жакшылыкты, ачылышты жана башканы күтүп жатат.

* * *


Жалган атак тарап кеткен түтүндөй, аны биз таппайбыз жана көрбөйбүз. Ал эми күйүп жаткан жыгачтан чындыкты жана түтүндү табабыз.


* * *

Ыр менин жүрөгүмдү издебейт, менин жүрөгүм ырды издейт.

* * *

Биз чындыкты ылай суудан сузуп албастан таза суудан сузуп алышыбыз керек. Анткени, чындыктын өзү тазалык.


* * *

Адам мурун жаралды беле же, сүйүү мурун жаралды беле, менимче адам жаралып, сүйүү куш болуп учуп келип, анын жүрөгүнө кирип кеткен болуш керек.


* * *

Адамдар өсүмдүк гүлүн жерде өстүрүшөт. Ал эми сүйүү гүлүн жүрөктө өстүрүшөт. Ал көрүнбөйт. Аны жүрөктүн өзү гана, же аны жараткан адамдын көзү гана көрө алат.


* * *

Балаңды жакшы тарбияласаң, анын келечегинен жаадыраган күндү жана өзүңдү көрө ласың.


***

Бешик терметип турган аялдан:


– Баарынан эмне түбөлүктүү? – деп сурадым.

Ал айтты:


– Бала менен бешик.


* * *


Жакшы чыгарма узак өмүрдүн улуу элесин берет. Ал деле

тер агызган улуу эмгектен жаралган.


* * *


Балаң менен жан дүйнөңдү ачып аңгемелешсең, анын жан дүйнөсүнүн ички сыры терезе сыяктуу ачылып сага көрүнөт.


* * *

Эки атчан аңгемелешип отуруп тоодогу конушка кандай жеткенин билбей калышыптыр. Эки жаш сүйүшүп баш кошушту эле, экөө катар жүрүп отуруп, карылыкка абышка- кемпир болуп кандай жеткенин билбей калышыптыр.


* * *


Бүгүн биздин айылда бир бала төрөлүп, бир адам каза болду.

Бул дүйнөлүк деле жаңылык эмес. Бирок кичинекей айыл үчүн чоң эле жаңылык болгон.


* * *

Күн алыстан караганда жылуулук чачкан кичинекей эле нерсе, болуп көрүнөт. Бирок анын ааламга нур тараткан улуулугу улуу.

* * *

Өмүр бою көп нерсени үйрөнүп келатам. Дагы көп нерселерди үйрөнөт окшойм. Ар бир нерсени үйрөнүп билип, тааныш үчүн төрөлгөн окшойм.