Адамдын Асыл ойлору - страница 34

Шрифт
Интервал



* * *

Куштун доору учушта, балдардын доору балалыкта. Ар бир курактын өз доору болот.Өмүр ошонусу менен тандамал жана кызык.


* * *

Адамзаттын ар бир күнү жаңылык. Жаңылык болбосо өсүш жок. Өсүш жокто турмуш жылбай токтойт.


* * *

Наристеде жек көрүү, ач көздүк, көрө албастык жана башка жаман сезимдер жок. Ошондуктан аларда тазалыктын булагы сызылып агып турат.

* * *

Тамаша өз жолу менен кетти, чындык өз жолу менен кетти.


* * *

Турмуш чоң сабак. Түрмө да унутулгус сабак. Ал жерде уруп, согуу турмуштун башкача тарбиясы башталат. Адамар үчүн ал да сабак.


* * *

Ит үрсө, конок келатат деп айтпа! Кубаныч кичине эле жылмайса бакыт келди деп да айтпа!


* * *

Жакырчылык келгенде досторуң таштап кетээрин унутпа! Карылык келгенде кайрат-күчүңүн кетээрин да унутпа!


* * *

Күн кыска, түн узун, өмүр кыска, өлгөн жанга түбөлүктүү уйку узун.


* * *

Аз өмүрдү элге берип кетелик. Өмүрдүн кыскалыгын биле кетелик.


* * *

Нике кагаз баш кошуу жөнүндөгү келишим, а сүйүү жүрөктүн иши. Баш кошуу кубанычы да жүрүп-жүрүп отуруп сүйүүгө баш ийет.


* * *

Чыныгы жашоонун ичинде өчпөй турган махабат жатса, анда чыныгы турмуштун өлбөстүгү ошол.


* * *

Сүйүү бул – уч кыйырсыз мейкиндик аны кудай жараткан. Кудай жараткан нерсе, баардык кезде ыйык жана өлбөс кымбат болот.

* * *

Сүйгөндүн сүйгөнүнө жазган каты жүрөктүн даңазасын алып бара жаткан ыйык куш.


* * *

Жаман иштерге азгырылып жүрөгүңө булганыч нерсени киргизе көрбө! Анда сүйүү өлөт. Өлгөн сүйүүнү тирилтүү тозок.


* * *

Бардык балыкчылар көлдөн алтын балык кармайын деп келишет. Бирок эч бир балыкчы алтын балык кармаган эмес. Аны жомокто жана кыялында гана кармаган. Бирок адам кыялы менен чыныгы турмушка аттанып, алтын балык кармаганын билем.


* * *

Карыя бир кезекте тоого катып койгон алтынын эстеди. Карыя тоого бара албайт. Барган менен ала албайт. Карыянын алтыны балалык. Аны мезгил бекем жерге жашырып койгон.


* * *

Адамдын өмүрү эки нерседен турат: Өткөнү жана келечеги. Өткөн ишти оңдоого болбойт. Бирок андан сабак алып, келечекти оңдосо болот.

* * *

Жакшы нерсенин жарыгы эмгек деп айтсак болот. Улуу ачылыштын жарыгы изденүү деп айтсак болот. Элге жарыгы тийбеген жетекчини эмне деп айтсак болот?


* * *

Мезгил өтүп заман оңолсо, жакырчылыктын күнү бүтчү кези болот. Анан эл ынтымакта эмгектенип, бакытка бурулчу күн болот.


* * *

Улар улуу тоого учат, ак куу көлгө учат, жылан кургактыкка умтулат. Жашоо оор болуп заман бузулганы турат, мындай кезде жакырчылык кимге умтулат?