Адамдын Асыл ойлору - страница 35

Шрифт
Интервал



* * *

Бай жакырдан карызын алайын деп келиптир. Эзелки оору карыяны ээрчитип кетейин деп келиптир.


* * *

Жумуртка куш болуп учуп кетпейт, тапталбаган өнөр талант болуп учуп кетпейт.


* * *

Карыяны сыйлап салам берип келген муңайымдуу кишинин өзү жакшы, өзүнөн да, сөзү жакшы.


* * *

Сапар бараткан эки жолочу бири-бирине мээримин төгүп, пенделиктен каниет албаса, алар катар бараткан жолочу деп эсептелбейт.


* * *

Эл оңолот. Жакырчылык да жоголот. Жакырчылыктан коркпо! Эл башына аялынын тилин алган, жеп-ичээр убалдан коркпогон пенде келет дейт. Ошондон корк!


* * *

Бирөөнөн алайын дебе, берейин де, анын да сага жообу болот. Кайырчыдан алайын дебе, берейин де, анын да сага сообу болот.

* * *

Мышык мыёолойт, ит үрөт, карга каркылдайт. Паракор бирөөнүн эмгегин жалмайт, ууру уурдайт, баатыр эрдик жаратат. Демек баары өз ишин жасайт

* * *

Байыркы учкул сөздөр биздин ушул күнгө да керек, анткени алар ушул күндө да маанисин жогото элек. Демек, байыртадан бери элибиздин эне тили,сөзү унутулуп кала элек.


* * *

Бийик чоку бийиктиги менен баардык заманда бийик.


Баатырлар баардык заманда жасаган баатырдыгы менен бийик.


* * *

Бир учкул сөздү бир кой менен салыштырба, кой болгону бир байдын байлыгы, учкул сөз жалпы элдин байлыгы.


* * *

Тутам гүл туулган жериңин баардык гүлүнүн элесин бербейт, болгону анча-мынча жытын гана элестетет.


* * *

Бир үй-бүлөгө жакырчылык келсе, бүткүл элди жакырчылык басты деп айтпа! Бир үй – бүлөнүн жакырчылыгын эл оңдоп алат. Ал эми бүткүл элдин жакырчылыгын кантип оңдой алат?


* * *

Бир кишинин жок болгону бир үй – бүлөнүн кайгысы болду, Элди башкарган азаматтын жок болушу бүткүл жумурай журттун кайгысы болду. Бирок экөө тең эле кайгы болду.

* * *

Байдан жардам сурадым эле, ал мага эчтеке бербеди. Андан байлыкты эмес жардылыкты алдым. Жардыдан жардам сурадым эле, ал мага жардам берди. Андан жардамды да аны менен кошо байлыкты да алдым.


* * *

Картайганда айды карасам, ай мен сыяктуу өмүр жашы өтүп, картайып армандуу болгондой көрүндү.


* * *

Байыркы ата-бабанын ырлары ушул күндүн ырлары менен байланыштырып турган бир алтын жип бар. Ошол алтын жиптин биздин тагдырыбыз, жашообуз менен байланышып турган жери бар.


* * *

Бийик чокуга чыгып ийгиликке жеттим дегендер али жете элек экен. Атак-даңкка жетип, улуу болдум дегендер, эч нерсеге жете элек экен. Демек экөөнүн айтканы башты айланткан мактаныч кеп экен.