* * *
Жылдыздар өтө ыраак. Бирок анын сүймөнчүктүү жарык шооласы, биздин жүрөгүбүзгө өтө жап-жакын. Демек ал, ыраак эмес.
* * *
Ордун тапкан адам бар, ордун таппаган, адам бар. Ордун тапкан адам, өз жолунда бараткан жолочуга окшош. Ордун таппаган адам, өз жолун таба албай бороондо буюгуп, адашкан пендеге окшош.
* * *
Суу барбаган жерде жалгыз дарак өсүп турат. Ал айтты:
– «Карагылачы, бул жерде да жашоо уланып турат. Мени карагылачы», – дейт.
* * *
Армандуу үйдүн суусу да ачуу.
* * *
Руху жок адамды көрсөк, тамыры жок дарак ойго түшөт,. Шамал катуу болгондо дарак кулап түшөт.
* * *
Оорулуу адам баласына:
– «Карагым жалгызсың. Элиңе жөлөк, адам болуп өс, элиңе таянсаң, сен да жалгыз калбайсың», – деп акыркы керээз осуятын калтырып жатты.
* * *
Адамдын өмүрүндө эмне арман, эмне кубаныч экенин көп жыл түрмөдө жашаган адам билет. Ал билбесе өтө узак жашка барган адам билет. Ал билбесе ак чач акылман сөзсүз билет.
* * *
Байдын күтүрөгөн байлыгы кедейге керек эмес, кедейдин кедейлиги байга керек эмес. Анткени экөө эки башка шартта жашайт. Экөө эки башка адам.
* * *
Жакшыны жамандан ажыратыш керек, чоңду кичинеден бөлүш керек. Баарын бири-биринен алыстатып оорлуна коюуш керек.
* * *
Курсактын өтө ток болгонунан, ачкараак болгону жакшы. Көңүлдүн өтө шат болгонунан, олуттуу болгону жакшы.
* * *
Көп тууганың болуп жардамы тийбесе, алардын деле кереги жок. Байлыгың болуп, жыргалын көрбөй өтүп баратсаң, анча байлыктын деле кереги жок.
* * *
Ар бир пенде жаштыгын жалындуу эмгектин күчү менен сугарса, ал оңой менен картайбайт.
* * *
Сен кайсы убакта жазсаң, жаза бер. Айрыкча түнкү кезде жаз. Жазуучунун жан досу – жалгыздык..
* * *
Жылдыздарга чейинки жол, өтө алыс. Ага жол салып, барган адамдар өтө бактылуу. Анткени ал, эч бир адам басып өтпөгөн жолду багынтканы менен бактылуу.
* * *
Кээ бир адамдар бири-бирин такыр түшүнө алышпайт. Алардын бирөө жолдун башында турса, экинчиси жолдун аягында турат.
* * *
Күндүн кыскарганы, катаал кыштын келатканы. Чоң байдын сараңданып пейлинин тарышы ага жакырчылыктын келатканы.
* * *
Бирөөгө карызга бермей да бар, аны кайра сурамай да бар. Адам өтө жарды болсо, аны соопчулук үчүн албай коймогу да бар.
* * *
Элдешкис душманга берейин деген уу ачуу, катуу кайгыны уккан адамдын ыйы ачуу, жамандын оозунан чыккан сөз ачуу.
* * *
Аны талантсыз деп айтууга болбойт. Талантсыз болсо чыгармаларын жазбайт эле го. Ошол чыгармаларын кандай жаратты, аларда эмне касиет бар башкы кеп ошондо.