Адамдын Асыл ойлору - страница 43

Шрифт
Интервал



* * *

Табият кооздук менен сулуулукту жаратат. Демек адам улуулук менен сулуулукту өзү курчап турган жаратылыштан көрүп анан жаратат.

* * *

Ай менен күн түбөлүктүү. Ошол үчүн алар ааламда жашап келатат. Жакшылык менен сүйүү түбөлүктүү. Ошол үчүн алар дагы адамдар менен кошо жашап келатат.


* * *

Адамдар айтат: «Ырыс оошот», – деп ырыс оошсо, таза сүйүү жүрөктөн жүрөккө оошот. Ошентип адамдар жараткан бакыт баарына тең орток.


* * *

Жакшы нерсеге адам эгедер. Адам жакшылыкка умтулуп кубанычка эгедер.


* * *

Жараткандын ысымы улуу, аны өзү айтып турат. Улуулук

бийиктиктен даңазаланат. Бийиктик таза жана рахаттуу нерсе.


* * *

Турмуш өзү элек. Жакканын өткөрөт. Жакпаганын өткөрбөйт. Жакканы жашап, жакпаганы унутулуп жок болот.


* * *

Жокчулуктун артынан барчылык келаткансыйт. Катаал кыштын артынан жаадырап жаз эшик каккансыйт.


* * *

Жакшы чыгарма кубанычтуу күндө жаралып, алар түбөлүктүү адамдардын кенчине айланып, алар менен кошо жашап жатат.



* * *

Күн да тынымсыз айланып турат. Жер да тынымсыз айланып турат. Адамдар да кыймылдап турат. Кыймыл жашоонун өчпөс элеси.


* * *

Көз алыстагы жылдыздардын шооласын даана көрөт, а эмне үчүн биз жаныбыздагы адамдардын шооласын даана көрө албайбыз?


* * *

Оор күндөн кубанычтуу күн артык, жеңилүүгө караганда жеңиш артык, бирөөнөн экөө артык.


* * *

Акылмандан сурап калдык:

– Даанышмандык кайдан башталат?

– Сүйлөгөн сөзүнөн, берген кеңешиңен, дүйнөгө болгон көз карашыңан, асыл ойдун ишке ашышынан.


* * *

Кечөөгүңкү күн бүгүн кайталанбайт, ошол үчүн өткөн өмүр кайталанбайт, өткөн кубаныч эсте калат, бирок кайталанбайт.

* * *

Эки жаш баш кошсо, алар түбөлүк ажырашкыс адамдар болгонго тете. Эми ошол эки жолочуну акыл аралашкан сүйүү башкарсын. Ылайым эле ошонжой болсун.

* * *

Эстен кетпей калган сүйүү бул армандуу сүйүү, ал түбөлүк эстен кетпей көңүлдө сакталып калган сүйүү.


* * *

Күндөр жагымдуу болсо, ошончолук узак, канчалык кайгылуу болсо, ошончолук кыска.


* * *

Тез өчүп унутулган сүйүү, сүйүү эмес, ал жөн эле бир элес. Ал түбөлүккө сакталбай унутулуучу элес.


* * *

Эски мектеп улгайган адамдардын эсинде калган. Анткени алар бала чагында ошол мектептен окуп калган .

* * *

Даанышмандан сурап калдым:

– Акылмандыктын чеги болобу?

–Жок, чеги болсо, акылмандыктын элеси эчак эле бүтүп калмак.


* * *

Шамал кайдан келсе, кубаныч ошол жактан келген. Махабат кайдан келсе, сүйүү да ошол жактан келген.