– Мен аны кайдан билем, эки бала бирин-бири жактырып калыптыр.
Кыздын атасы ээ-жаа бербей каардана:
– Кызымы алып келгиле анан көрөлү,-деди.Жигиттер аттарын кара жолдо чапкылап баратат. Аларды иттер үрүп кубалашат. Куугунчулар бат эле селкини алып келишти.
Ошондо кыз көзүнө жаш алып кайгыра:
– Энеке, мен биздин үйгө келип жүргөн Добун мергенди жакшы көрүп калгам. Кыздын ата-энеси баласын ыйлаткысы келбей анын эрки менен калышты.
Ушул баян ушул бойдон калган жок.
Адегенде шарт боюнча эки куда сүйлөшүп сөз бекитишип туугандарды чакырып той беришти. Анан кийин мурунку кудалаган жердин карызынан ашыгы менен мал берип кутулушту. Жана Алан-Коо деген сулуу Добун мергенге турмушка чыгып бактылуу жашап калат. Ошентип эки жаштын тагдырын байлык эмес таза сүйүү чечти. Ал көзгө атаар мерген эле. Тоонун кайберендерин атып келип, өз жашоолорун өткөрүп жатышты. Алардын бактысы тоонун назык гүлүндөй болуп шоодур кагып, жаз желине жанданып, учкул өмүрү тоо шапатасына бой салып ыргалат. Экөөнүн бактысы чыгышта нур чачып жанаша турган кош жылдыздай болгон. Эки жаш эң туура табышып, улуу тоо-талаада назик сүйүүнүн гүлү ачылып жаткан сыяктанып көрүнгөн. Алар үйлөнгөнүнө эки жыл болот дегенде эркек балалуу болушту. Анан бир жыл өтүп дагы бир уулду болуп ого бетер сүйүнүштү. Добун мерген менен Алан-Коо сулуунун сүйүнгөнүн айтпа. Балдарыбыз аман эсен чоңойсо, деген жакшы сонун тилеги болгон. Баарынан да эки эркек уулдун Добун мергенге окшоштугун айтпайсыңарбы. Алардын өзүнө окшоштуруп, мерген аябай кубанып тагдырына ыраазы болгон.
Ата ошого жетине албай Алан-Коонун сыйын сүйөт. Тынч албаган Добун ар дайыма аңчылыкта жүрсө, ал эми аял эки баланы багып үй-тиричилиги менен алек.
Ошол жылы жаз илеби эрте байкалып, улуу Гоби чөлүнөн жылуу илеп жете келип, жер тоңу кетип, топуракка жылымык келип, күңгөйдөгү тоонун кары эртелей эрип, тентек суунун үстүндөгү муздар шар агымдын эпкини менен ылдый карай агыла баштады. Кыштын ызгаардуу суугу эчак эле кайтып жер жылымдап,айрым сууктан далдаа жерге көк чөп өнүмдөп кылтайа башбагат. Түштүктөн куштар учуп келип, канат кага күңгөй жылымык тарапта,учуп-конуп көкөлөй торгой куштун сайраганы анда-миында чыгып, айлана бир керемет сыяктанат.
Адамдардын баардыгы жаздын эрте келгенине кубанышты. Жаз келсе тиричилик жанданып,бирин-экин мал төлдөп адамдар сүт, ууз айран ичип быйылкы жылдын эрте келген напсисин татмак.