Касиеттүү Теңир Тоого дагы Чынгыз хандын жоокерлери жакындап калган чагы эле. Алар чыгыштагы баардык жерди каратып, баш ийбегендерин жок кылып, талкалап, өрттөп келатты.
ДОЛОН БИЙДИН ЭРДИГИ
Калмактар Эки Нарын дарясынын аралыгын ээлеп алып кыргыздарга күн көрсөтпөй турушту. Калмактардын Эрдене баатыры өз журтунан жигиттерди бириктирип, кыргыз жерине каракчылык, басып алуу, барымта, мал уурдоо иштрин токтотпой жатты. Мына ошол күндөрдө Долонбий элдин камын ойлоп катуу санаага батты. Бир четинен түштүктө уйгурлардын кошууну кыргыздарга бүлүк салып турса, жанында калмактар кыргыз жерине кызыгып ыдык көрсөтүп турат. Бий бир канча жолу калмак тайшысына Эрдененин кылык жоругун эскертип кабарлады. Тайшы «Аны менен өзүңөр эсептешип алгыла, мен бир канча жолу эскерткем»– деген кайдигер жоопту айтты. Бий ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры көпкөлөң тарткан Эрдененин тизгинин бир кагып эсине катуу салып коюуну ойлонуп жатты. Ал жигиттерди курап, түн ичинде ополоң-тополоң кылса деле болмок. Бирок ага барган жок. Көпкөлөң калмактар өчөшүп алып, кыргыз жерине катуу соккуну уюштурушу мүмкүн. Ошол үчүн ал Эрдененин кошуунун Эки Нарын дарыясынын аралыгы кенен жерге эр сайыш мелдешин өткөрүүгө чакырды. Беттешүүнү бугу айынын ортосу ченге белгиледи. Ошол күнгө карата кыргызд эр сайышка чыгууга бир канча жигиттерин даярдашты. Кыргыздар өзүнүн күчүн чыңап, темир эритип найза, кылыч, калкан жана башка куралдарды жасап жатышты. Акыры эки кошуундун болжошкон күнү да келип жетти. Кыргыздар үч жүз кошуун менен мелдеш өтүүчү эки дарыя аралыгына көк туусун желбиретип шаңдуу түрдө келип калышты. Калмактар ошончо эле кошуун менен өздөрүнүн туусун желге желбиретип жетип келишти. Эки тараптын баатырлары катуу ойлонуп турушту. Эр сайышка ким чыгат, ким-кимди аттан оодара сайып түшүрөт. Эр сайыш күч алып кетип, эки кошуун согушуп кетиши да ажеп эмес эле. Анда ушул жерде катуу майкан согуш жүрүп, далай баатырдын башы кетип, далай энелер жаш төгүп, далай балдар атасынан айрылып калмак. Эрдене элдин камын ойлобой өзүнүн күчүнө гана ишенген көпкөлөң тарткан пенде эле. Долонбий кандай болбосун Эрденени бир эсине келтирип коюуну ойлоп турду. Мындай көпкөлөң пендени бир эсине салып койсо, экинчи жолу баш көтөрүү кыйын болуп калаар эле.
Найза сайыш башталган турат. Калмактар да, кыргыздар да оңой жоолордон эмес. Байыртадан бери элдешпеген катуу душмандардан. Алардын алдында эки жол турат. Биринчиси катуу кармашып, бирин-бири жер үстүнөн жексен кылып, түбөлүк багынтып алуу же, бир-бирине жоо болбой тең ата чек араны сактап, аман-эсен ынтымакта жашоо. Темүчүндүн ушундай оор капсалаңдуу күнүндө эки элге экинчи жол гана керек экенин билип турушту.