Бабалардын жанырыгы - страница 46

Шрифт
Интервал


– Ва алейкума ассалом саяпкерим кандай кут болсун күлүгүң Актуягың биринчи келбедиби эмнеге сабырың суз сүйүнбөйсүңбү, жүдөгөн түрүң бар.

– Ал меники эмес.

– Кандайча Актуяк сеники эмес беле.

– Аны менден Бөрүбай тартып алган.

– Эмне Бөрүбайга карыз белең?

– Жок күлүк менин бээмин тукуму болчу,-деп тартып алды. Күлүктүн энесин бир кезде мен ага иштеген акыма алгам.

– Ошол элеби.

– Ал эмес кыраан бүркүтүмү да тартып алды.

– Эмне үчүн?

– Менин аталарым жайлаган аскалардан кармапсың,-дейт. Ошол да болмок беле ал аскалар элдики, биздин ата-бабалардыкы эмеспи.

– Ошол элеби.

– Ошол күчкө салып тартып алды- деп саяпкер аянычтуу башын жерге салып, жерди карап жалдырап, ындыны өчүп турду.

Тагай бий жигитине жини келе кайрылды:

– Чакыр тетиги билерманды береги таз, соку баш Бөрүбайды.

Көп өтпөй дөңдө турган топ атчандар бийдин жанына бастырып келишти. Арасында келишимдүү кундуз тебетей кийген Бөрүбай да бар.

– Бөрүбай күлүгүң чыгып келиптир,-деди Тагай бий ачылуу.

– Ырахмат эл атасы Тагай бий мен аны чегине жеткире таптагам.

Тагай бий каарданды. Анын каарданганын көрүп, Бөрүбай боз ала боло түшүп салбырап калды.

– Ал күлүк кимдики?

– Меники.

– Желдеңдики эмес беле.

– Желдең мага берген анын үстүнө күлүктү менин бээм тууган болчу.

– Сага калмактардын чабуулунан түшкөн көп жылкыны ким берди эле?

– Сиз бергенсиз Тагай бий.

– Мен берсем сен эмне үчүн аны элге тең бөлүп берген эмессиң?

Желдеңдин бүркүтүн эмнеге тартып алдың?

– Менин аскама тууган бүркүттүн балапаны болчу.

– Сен кудайдын аскасын менчиктеп алдың беле, ушул сөздү кантип айтып турасың.

– Жок Тагай бий       ал атамын жайлоосу болчу.

– Мына сага күлүк, мына сага бүркүт,-деп тагай бий Бөрүбайды чоку талаштыра эки-үч жолу тартып-тартып жиберди. Бөрүбайдын баш кийми учуп барып, аттардын буту турган жерге түшүп тапталгансып калды.

Билермандар эки ортого түшүп арачалап киришти.

– Ардактуу бий бизге бир ачууңузду бериңиз.

– Бий кечирип коюңуз.

– Иттик Бөрүбайдан кетиптир, элдин таламын жактабай калган тура.

– Байкуш Желдеңдин күлүгүн тартып алган тура.

Тагай бий:

– Андай эле кыйын экенсиң калмактар басып алган Үч Кайнар булакты алсаң болмок.

Бөрүбай эмне кылаарын билбей эс-мас боло көзү ала-чакмак тартып, күйбөгөн жери күл болуп, өлбөгөн төрт шыйрагы калды.

Тагай бий каарданып:

– Карапайым элге карабасаң бүт малыңды элге талатып тентитем,-деп ары бастырып кетти.