Бабалардын жанырыгы - страница 50

Шрифт
Интервал


Тагай бий хандын багын аралап көңүл ачып жүрдү. Ал бакта эмне деген гана өсүмдүктөр жок. Алыскы Коконд, Маргалаң, Кытайдан, Индиядан алынып келинген түркүн өсүмдүктөр, көз жоосун алган гүлдөрдүн ар кандай түрлөрү. Бак ичинде түркүн куштар үн безеп адамдын көңүлүн көтөрүп алда кайда бийиктикке жетелеп жүрүп отурат. Араакта көйкөлгөн мажүрым талдын түбүндө үч сулуу кыздын сүйлөшүп турганы Тагай бийдин көзү чалды. Ошол кыздардын ичинен бирөө бийге өзгөчө жагып туруп алды. Мойну койкойгон, кыр мурундуу, ак жуумал кара көз, кара каштуу, калың олоң чачтуу кулпунуп турган кыз эле. Тагай бийге ошол кыз өзгөчө жагып турду. Бий алардын жанына барып ийлип салам берди. Сулуулар Тагай бийдин саламын алик алышты. Бийдин көзү жанагы сулууга тигилип туруп алды, кыз бийдин көзүн тике карай албай башын жерге салды. Бий да кыздын сылыктыгынан ыйбаа кылды.

– Кайсы тараптан келдиңиз эле?

– Анжияндык кыргыз кызымын.

– Урууңуз кайсы?

–Карабагыш уруусунанмын.

– Тилиңиз өзбекке жакын го.

– Бизде өзбектер менен кыргыздар аралаш жашайт.

– Быякка кандайча жол менен келдиңиз эле?

– Бул жерде Алимжан агам бар. Хандын багын тейлеген эң мыкты адам. Мен ошону менен бир келгем.

– Ата-тегиңиз эмне иш иштейт.

– Дыйканчылык эгин эгип, суу сугарат.

Ошентип ар дайым кечте Тагай бий Зулайка менен жолугуп жүрдү. Акыры Зулайка да Тагай бийди жактырып калды. Бий үйлөнүү жөнүндө ханга өтүнүчүн айтты. Хан бийдин өтүнүчүн жактыруу менен кабыл алды. Экөө үйлөндү. Зулайка өтө боорукер, назик, эмгекчил ургаачы эмеспи. Ал экөө бир канча жыл жакшы жашады Бирок Тагай бийдин санаасында бир нерсе кетпей турду. Ал турак жайын ата-журтун туулган жерин сагынды. Эли журтум эмне болду? Арыда калмак чагымчылары турат. Ошолордун чапкынына кабылган жокпу? Балдарым Богорстон, Койлон, Кылжыр эмне кылып жатты экен. Жөнөкөй момун элинин жашоо шартын ойлонот.

Ардактуу Султан Саид бүгүн сый урмат үлпөт уюштуруп, үстөл үстү ар түркүн жер-жемиш, набат жана башкаларга толгон. Бийдин көңүлү ачылып, хан менен жакшы мамиледе сүйлөшүп отурду. Экөө анда-санда жүзүм шарабынан жутуп коюп жатышты.

Бий ханга туулган жерин сагынганын ал жакты бир көрүп келүүнү каалап турганын айтып өттү.

Экөө дагы көпкө аңгемелешти.

Хан бийди жактыруу менен карап:

– Баргыңыз келсе кайсы учурда жолго чыккыңыз келет?

– Улуу даражалуум, уруксат берсеңиз бара берсек болот эле, ата-конуш эмне болду, – деп эки көзүбүз төрт болуп жайнайт.