***
Мен туулган жерди карап турам. Туулган жердин ой-кырлары, жылга-жыбыты, шаркырап аккан сайлары, менин көз алдымда сүрөттөй даана көрүнүп турат. Менин түпкү бабам дагы, андан берки аталарым дагы мен сыяктуу туулган жерин карап тургандыр. Туулган жер алардын жүрөгүнө сонун сезимди чачкандыр. Карааныңдан кагылайын ыйык туулган жерим! Туулган жердин шаңы ыр болуп менин жүрөгүмө өтүп турат, жанып турат. Мага кагылайын туулган жер башкача касиет, башкача шаң берип жатпайбы. Ошону силер билесиңерби! Мен туулган жерди коёндун жатагына чейин билем. Калем алып анын ой-кырларын, кай жерин гана жөө аралабадым. Көп жылдар алыс жашасам да, туулган жердин шаңы менин жүрөгүмөн кетпей гүлдөп келет. Туулган жердин ыйыктыгын даана сезип турам. Балким ушул ыйык жер мени акын кылып жараткандыр. Ошону баамдап, касиеттүү күчкө эргүүлөнүп, тагдырыма ыраазы болом. Бул жерден менин атам сапар өткөн, анын аталары да сапар өткөн. Демек менин ата-бабам ушул жерден ак калпак кийип калдайып өтүшкөн. Туулган жердин жыбыт-жылгасы, ой жерлери, түзөң-кайкылары, урчук-урчук таштары, менин ырым, менин көрүнбөгөн касиеттүү ыр саптарым. Ошол көрүнбөгөн толкун Теңирим аркылуу менин жүрөгүмө келип, ыр таштап кетип жаткансыйт. Ошол мен жараткан жамандыр-жакшыдыр ыр шилтемдерим башкалардын жүрөгүнө кубаныч таратса болду. Жарыктык ата-бабам жашап өткөн туулган жердин ырлары обон болуп ай-ааламга кайкый берсин. Ошол касиеттүү обон башкалардын жүрөк өтун эргитип өтсүн, кубандырып бир башкача ыйык сезимге бөлөп өтсүн. Ошол ырлар Теңиримдин жардамы менен ак жашоону, качанкы бир өткөн касиеттүү балалыктын ырын, ата-бабанын жолун эске салат. Ошонусу мен үчүн табылгыс кубаныч. Ар бир башталган жакшы нерсе уланып кете берсин. Ошонусу менен ал түбөлүктүү. Ошонусу менен бул өлбөс жашоо бизге ыйык сезилет жана түбөлүктүүлүгү байкалат.
***
Кагылайын туулган жердин тургундары, биз көрүп, аралашып жүргөн замандаштар. Сиздер биздин ата-бабабыз өскөн аймакта жашап, эмгектенип келдиңиздер. Сиздердин өмүрүңөр да ошол жерде
өтүп жатат. Силер биздин ата-бабабыз өскөн жерди ээнсиретпей өмүр сүрүп, бабалардын коломтосун өчүрбөй, турмуш көчүн улап келе жатасыздар. Баарыңыздар ошол касиеттүү ата-бабабыздын урпагысыңар. Ата-бабабыздын жашап өткөн жери толук сиздерге тийешелүү.Силер ошолордун жолун улантып жатасыздар жана дагы уланта бериңиздер. Силердин жолуңарды урпагыңар таштабай уланта берсин, бул байыркыдан келаткан ата-бабабыздын салты. Силер жашаган аймактан байыркы ата-бабалардын касиеттүү үндөрүн угуп турабыз жана дагы биздин элесибизде алар биз менен жашап жаткандай доош келет. Алар ушул касиеттүү аймакта биз сыяктуу жашап, өмүр сүрүп кетпеди беле. Анан кантип биз алардын элесин унутуп салабыз. Бар болгула туулган жердин касиеттүү адамдары! Силер барда биздин туулган жерибиз эч убакта ээн калбайт жана жетимсиребейт. Силерге жаратканымдан жана ошол жашап өткөн касиеттүү адамдардын элесинен жакшы нур себилип тураарын унутпаңыздар. Ар бир адамдын жолу ар башка, ошондуктан касиеттүү туулган жердин адамдары жолугушканга, жүз көрүшкөнчө түбөлүк аман болгула! Жаратканым сиздерге кайрат күч жана өмүр берсин! Бул жакшы үмүттү аткарганга Алла Таалам өзү да эгедер болуп колдосун!