Мезгил ажырымы - страница 8

Шрифт
Интервал


– Офисте отуруп эмне жумуш кылам?-деди Руслан

– Кулактандыруу боюнча келген сулуу кыз-келиндерди бир дарекке жөнөтүп турасыз…

– Ошол элеби? – деди Руслан. Айымдын «сулуу кыз-келиндерди» деп баса айткан сөзүнө Руслан көңүл бурган жок.

– Ооба, 2 телефон, 4 номер берем. Телефон чалууларга жооп бересиз. Айлык акыңыз 20 миң сом болот. Сумманы уккан Денис ууртайын деп бараткан чайын кармаган тейде, Асяга кылчайып тан кала тиктеп калды. Себеби, айлык акы 12 миң сом деп белгиленген болчу. Ася бутунун учу менен Денисти акырын бутка тээп койду. Бул «сен унчукпа, азыр кийлигишпе» деген белги эле.

Руслан унчукпай отуруп, ойлоно түштү.

– Жообун азыр эле айтсаңыз сонун болот эле. Эртең саат 9дан баштап офисте иштеп баштайт элеңиз…– деди айым

Руслан «байкап көрбөйүнбү ээ… Жакпаса кетип калам да. Жөн эле телефонго жооп берип отурат турбайынбы. Жакшы жумуш окшойт. Айлык акысы жаман эмес»-деп ойлоп кетти.

– Мейли, иштеп көрөлү

Ася сүйүнүп кетти.

– «Абдан кубанычтамын. Келгиле анда таанышканыбыз үчүн, бир команда болгонубуз үчүн бир шампан алып белгилеп койбойлубу ээ» деп күлүп жиберди айым.

***

Нурик жолдун так ортосуна эки колун көтөрүп «токто» деген ишараат менен тура калды. Нуриктен алысыраак токтогон машинеден айдоочу кытай жигит башын чыгарып «Чо-о-о?» -деп кыйкырды. Нурик колу менен шаар тарапты көрсөтүп «Бишкек! Бишкек!» -деди. Машинеде бир эле орундук бар экен. Нурик, Канат бир орунга батышып отуруп алышты. Таң калып, чоочуркай тиктеген кытайлар жигиттерди башынан ылдый карашат. Жетээр жерине жеткенде Нурик машинени токтотсо «Бишкек?!!»-деп Бишкеке бармак эмес белең дегендей айдоочу алды жакты көрсөтөт. Нурик «аа… болду. жеттик»-деп трассадан түшүп калышты. Күндүн таңкы кызыл нурлары айлананы кооздукка бөлөйт. Экөө баштарын жерге салып ылдамдап басып келе жатышат. Нурик сөзүн улантып кобурап баштады: «Ушул кытайлар бир күнү чогулуп эшек союшат экен. Же майрамбы, же атайын эшек союп жемей күнбү, айтор баары чогулуп келип эшек союшчу. Майын сасытып сызгырышчу. Укмуш сасык болот экен эшектин майы. Бир эже бар болчу жаш балдары менен тирлик кылчу, ошол жерде фермада иштечү. Ошол эже эшектин этинен үйүнө алып кетчү. Бир жолу -«Ай, силер деле албайсыңарбы. Топоздун этине окшош болот экен. Чөп чар кошуп, кууруп-сууруп, тамак аш кылып жеп атабыз» – деп коет. Арам эшектин эти экенин көрүп билип туруп кантип кекиртектен өтөт. Негизи ошол жерде жашагандар, ферманын арты менен тирлик кылышчу, жумуртка, тооктун этин алышчу. Эмгек акысы эчтекеге жетчү эмес. Башка жумуш жок. Шаарга барып келип иштейин десең транспорттон кыйналасың. Шаарда деле айлык аз да. Тапканыңдын баары жолго эле кетет».