Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - страница 8

Шрифт
Интервал


Буга да Кулназардын окуу жайындагы жетишкен ийгиликтери кубө. Ал элеттен келдим дегендей чочуркабай эле курсташтарынын ичинде бат эле лидерликти ээлеп, комсомол уюмунун жетекчилеринин бирине айланат. Анын демилгеси менен өздүк көркөм чыгармачылык ийрими уюштурулуп, ага өнөргө шыктуу кыз-уландар тартылат. Бул топтун катышуучулары даярдаган оюн-зоокторго курсанттар гана эмес, шаардык көрүүчүлөр да агылып келип, эстетикалык зор канагат алышкан. Алардын аябагандай жактырган номерлери да боло турган. Анын бири Кулназардын аткарган «Андижан полькасы» эле. Музыканын ыргагына шай келип, дене-боюнун сөөгү жоктой ийкемдүү кыймылдашы жана образды ачуу үчүн улам жаңы пластикалык каражаттар тапкандыгы көрүүчүлөрдү таң калтырган. Сахнада бат перектей чимирилген жигитке каректер кадалып, ал арбап алгандай таасир калтырган. Бий аяктагандан соң бир саамга дымый түшкөн зал ичи анан шатырата кол чаап, аткаруучуну кайра-кайра чакырышкан. Мында Кулназардын искусствосу менен номердин оригиналдуулугу да роль ойнобой койбогон. Албетте, аны атайын сахнага даярдаган балетмейстер деле болгон эмес. Балким ошол 30-жылдары Орто Азия чөлкөмүнө атагы аябай дүң болгон сахна жылдыздары Тамараханум менен Халима Насырованы, Сара Ишантураеваны Ош, же Өзгөн гастролдорунун учурунда көрүп калды бекен деген ой келет. Анан да кыргыз-өзбек калктары кылымдардан бери аймакта аралаш жашап келгендиктен алардын той-тамашасы, оюн-зоогу дамайым бирге өткөрүлгөн. Ушулардын баары Кулназардын сергек сезимине таасир бербей койбогон чыгар…

Кулназар ага өзүнүн «коронный номерин» өмүрүнүн акырына чейин улан кезиндегиндей эле шаасына келтире аткарып, далай үлпөт, кечелердин көркүн чыгарып жүрдү. Анын эл алдына чыгып, эбелектей каалгып жүргөнүн көрүп, анын 70—80 жаш курагында экендигин унутуп койчубуз. Мындай шайдооттукту, өзүн дамайым «формада» кармоону ал башынан өнөкөткө айлантып алган окшобойбу. Анын өмүрлүк жубайы Бахарниса эже мындай деп эскерет:

– «Кара куш кардына карайт, шумкар чабытына карайт» дегендей байым бар нерсени чегинен чыкпай чен-өлчөмү менен жасай турган. Тамакты да чактап жеп, кийимди да аспиеттеп кие турган. Бир сапар мартабалуу бир инсандын маареке-тоюнда төрдө олтурган бизге өзгөчө сый көрсөтүлүп, аксакал катары анын алдындагы табакка дүрдүйүм тамак-аштан үйө беришти. Ал адатынча насиптен ооз тийип, додолонгон ар-кыл ысылыктын чети оюлбаган бойдон турду. Муну көргөн доктор М. Мамакеев тээ четте олтурган баласын жетелеп келип, – аксакалдын кешигин калтырбай жегин! —деп калды. Мен айттым: – Бу бирөөлөрдүн арткан-үрткөнүн оозуңарга албагыла дейсиңер медиктер. Анан иничекти өзүңүз баштап келип, жегин деп атканыңыз кандай?