Ордендуу Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын айрым чабандары ар бир кочкордов 9,7 килограммга чейин жүн кыркып алышкаан Академик А. И. Николаевдин айтуусу боюнча «Тянь- Шань» тукумундагы койлорун кроссбред жуну, дуйнолук эталон болуп эсептелген Жаңы Зелландиялык койлордун жунунөн кем эмес. Ал дүйнөдөгү бийик тоолуу шартка ынгайлашкан эт-жүн багытындагы тукум болу саналат.
Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын айрым чабандары мисалы, 1978-жылы Усубалиев Асан, Туюкбаев Тынчтык ар жүз тубар койдон 130—140дан козу алышкан.
«Тянь-Шань» тукумундагы жүн берүүчү койлордун райондо өстүрүлүш- жана Тянь-Шань району үчүн эмес, республиканын бийик тоолуу райондорунун колкоздорунун жолдорунун экономикасын көтөрүүгө кеңири жол ачат.
Коомдук малдарды чыктуу, кесек, концентраттык тоюттар менен толук кылуу проблемасы жылдан-жылга жакшырууда. Кесек топтоо 1978-жылы 1970-жылга салыштырганда 21 процентке өстү, же 61,6 миң тоннадан 90 миң тоннага жеткирилди. Көп жылдык чөтүн түшүмдүүлүгү 38,7 центнерден 55 центнерге жогорулады.
Колкоз, совкоздор малдарды багуу үчүн тийиш туу шарттары бар темир бетондуу кашарларды, типтуу короо сарайларды курушту. Койлор 100 процент электромеханикалык жол менен кыркылып, механикалаштырылган купкадан өткөрүлөт.
Партиянын агрардык саясатынын көрөгөчтүгү жана акылмандуулугу бардык райондордой эле биздин райондун мисалынан да өзгөчө күч менен көрүндү. Партия менен өкмөт айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасын чындоо үчүн орчундуу чараларды көрдү. Жыл сайын жаңы тракторлор, автомашиналар, айыл чарба техникалары, минералдык жер семирткичтер берилүүдө. Электр энергиясын пайдалануу толук чечилди. Мына ушунун бардыгы айыл чарба өндүрүшүн жогорулатуу үчүн бекем негиз түзүүгө жана жаратылыштын стихиялык күчтөрүнөн анын көз карандылыгын азайтууга толук шарт тузду.
Дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү 25 центнерге, коп жылдык чөптөр 55 центнерге жетти. Ар бир уйдан сүт саап алуу 2 миң килограммга, жүн кыркуу ар бир койдон 3 килограммга жетти. 1965-жылдагы март Пленумунан кийинки өткөн 12 жыл ичинде Тянь-Шань районунун эмгекчилери мамлекетке эт, жүн сатууну кескин көбөйттү. Же болбосо 1965-жылы 3226 миң тонна эт, 1387 тонна жүн сатылса, 1977-жылы 8197 тонна эт, 2082 тонна жүн сатылды, же эт 2,5 эсе, жүн 1,5 эсе өстү.