Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын программасында мындай деп айтылган: «Социализм социалдык улуу проблеманы чечти эксплуататордук таптарды жана адамды адам эксплуатациялоону туудуруучу себептерди жок кылды. СССРде достош эки тап жумушчу табы менен дыйкандар табы калды. Ошону менен бирге бул таптардын өздөрү да өзгөрдү. Социалисттик менчиктин эки формасынын жалпылыгы жумушчу табын жана колхозчу дыйкандарды жакындатты, алардын союзун чындады, алардын достугун бузулбас кылды. Эл арасынан чыккан жана социализмге берилген жаны интеллигенция өсүп чыкты. Шаар менен айыл-кыштактын ортосундагы, акыл эмгеги менен күч эмгегинин ортосундагы мурдагы карама-каршылык жоюлду. Жумушчулардын, дыйкандардын, интеллиген- циянын түпкү таламдарынын жалпылыгынын базасында совет элинин социалдык-саясий жана идеялык бузулбас биримдиги түзүлдү»
Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын экономикалык саясатынын эң башкы максаты -элдин турмуш жыргалчылыгын жогорулатуу. Коммунизмди куруу доорундагы чечиле турган социалдык башкы проблемаларга бардык таптардын жана социалдык топтордун өз ара жакындашы, шаар менен айыл-кыштактын, акыл эмгеги менен күч эмгегинин ортосундагы айырмачылыктарды бара-бара жоюу, калктын ар кандай катмарынын эмгек жана турмуш тиричилик шартын, маданиятын тендештирүү сыяктуу маселелер кирет.
Марксизм-ленинизм ар тараптан өсүп жетилген жеке адамды калыптандыруу алардын материалдык жана рухий талаптарын канааттандыруу менен ишке ашырылат деп үйрөтөт. Буларды толук аткаруу албетте, белгилүү материалдык шарттарга байланыштуу.
Совет элинин дайыма өсүп жаткан материалдык жана рухий керектөөлөрүн канааттандыруу, күндөлук жүрүш-туруштары, жашап жаткан экономикалык өнүгүүгө, жалаң эле материалдык шарттарга таасир этпестен, социалисттик коомдун маданияты- нын бардык спецификалык өзгөчөлүгүнө, өткөндүн, учурдун жана келечектин диалектикалык байланышы катары каралат.
Социалисттик коом, – деп көрсөткөн В. И. Ленин коомдун бардык мүчөлөрүнүн толук жыргалчылыгын жана алардын эркин өнүгүшүн камсыз кылат. Социализмдин тушунда керектөө байлыктарын өстүрүү, мунун ичинде материалдык байлыкты өстүрүү эч бир максатсыз эле ишке ашырыла бербейт.
Өнүккөн социалисттик коомго, жалаң гана эко- номиканын жогору болушу эмес, анда жетилген социалдык-саясий мамилелер, аң-сезимдүүлүктүн жогорку деңгээли, илимдин, маданияттын, турмуш-тиричиликтин ар тараптан гүлдөп өсүшү да мүнөздүү. Ошондуктан Совет адамдарынын аң-сезиминдеги, турмуш-тиричилигиндеги өткөндүн калдыктары, саркындылары менен келишпес күрөш жүргүзүү партиялык, советтик, чарбалык жана коомдук уюмдардын биринчи баскычтагы маанилүү милдеттери болуп саналат. Бул өтө маанилүү, актуалдуу проблемалык милдеттерди учурунда чечүү коммунисттердин, комсомол жаштардын, активисттердин, интеллигенттердин күчтөрүн бириктирүү менен гана жүзөгө ашырууга болот.