Келечекке умтулуу. Опыт подъема сельского хозяйства и общего уровня жизни в Тянь-Шаньском районе Нарынской области, 1975—85 гг. - страница 7

Шрифт
Интервал


Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын бул багыттагы революциялык кайра куруу иштеринин натыйжасы өнүккөн социалисттик коомдун толук ишке ашырылышы болду.

Советтик коом – бул бүгүн кубаттуу социалисттик индустриянын жана өнүккөн айыл чарбасынын, жумушчулардын, колхозчулардын, интеллигенциянын моралдык-саясий улуттар менен элдердин бир туугандык достугунун, биримдүүлүгүнүн, бардык эмгекчилерди жалпы элдик мамлекетти башкарууга катыштырган социалисттик демократиянын, советтик илимдин жана маданияттын, пролетардык жана социалисттик гуманизмдин идеяларынын салтанат курушу.

Ал эми бүгүнкү Кыргызстан жогорку өнүккөн өнөр жайлуу, ири механизацияланган айыл чарбасы бар, гүлдөгөн маданиятка ээ болгон Советтик социалисттик республика болуп эсептелет.

«Коммунисттик партиянын жана анын Лениндик Борбордук Комитетинин жетекчилиги астында, орус эли жана биздин өлкөнүн башка элдери менен бир туугандык биримдикте Кыргызстандын эмгекчилери бир муундун өмүрүнүн ичинде кылымдардан бери артта калуусун бирөтөло жойду, экономиканы жана маданиятты өнүктүрүүдө зор ийгиликтерге жетишти, коммунисттик курулушка татыктуу салымын кошууда».

Революцияга чейин Тянь-Шань районунун территориясында, бирин-серин ылайдан согулган там үйлөрдү (жер кепелер) эсепке албаганда турмуш образы боюнча көчмөн болгон. Бул жерде жашагандар Кыргызстандын башка аймагындагыдай эле революцияга чейин жакырчылык, туташ сабатсыздык өкүм сүргөн, эмгекчи массалар ырайымсыздык эзүүгө дуушар болушкан.

Жергиликтүү эл көчмөндүү болгондуктан мал чарбасы менен кесип кылган. Ошол убакта көчүп жүрүүгө күч унаасы, саап ичүүгө колунда бирин-экин малы, баш калкалоого үйлөрү (боз үй) жок гана кедейлердин айрымдары отурукташкан. Көпчүлүк кедей-кембагалдар бай-манаптарга жалда нып, алардын малын багып, үй оокатын жасап, эптеп күнүмдүк тамак-аш үчүн алар менен бирге көчүп, малай болуп жүрүшкөн.

Отурукташкан кедейлер ыңгайлаштырылган орок, кетмен, айрымдары гана жыгач буурусундун жардамы менен жерди иштетишип, анча-мынча түшум алып турушкан. Алынган түшүм үй-бүлөсүн тамактандырууга, келерки жылдагы түшүмгө жетишчу эмес. Негизги айдоо жана сугат жерлер, жайлоолор жергиликтүү бай-манаптардын колунда болуп, чарба жүргүзүү артта калган.

Эл уруу-уруу болуп отурукташкан. Алсак, Он- Арча суусу менен Нарын суусунун ортосунда «ты- нымсейит», Нарын суусунун чыгыш тарабына «моңолдор ал эми Он-Арча суусунун батыш тарабы- на «сарбагыш» уруулары жайгашкан дешет карыялар. Азыркы областтын жана райондун борбору Нарын шаары да ал кезде өрөөндөрүн байланыштырып турган соодагерлердин Кашкар менен Чүй конуп өтүүчү бекети (жайы) болгон.