Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек - страница 11

Шрифт
Интервал


ВЦИКтин Түркстан боюнча Өзгөчө комиссиясы РКП (б) БКнын Түркстан боюнча боюнча Бюросу түзүлгөнгө чейин же 1920-жылдын августуна чейин иштеп, анан ыйгарымдарын легитимдүү партиялык, мамлекеттик органдарга өткөрүп берген. Бюро түзүлгөндөн кийин РКП (б) БКнын анын ишин координациялоочу туруктуу орган түзүү зарылдыгы жаралган. Бул тууралуу В. Ленин борбордук органдардын директиваларынын, декреттеринин, токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөчү туруктуу комиссия түзүүнү сунуш кылган. «Небходимо наличие в Түркстане постоянного органа- представительство ВЦИК, Совнаркома и ЦК РКП, на которых должно быть возложено… ” (7:124).

Өзгөчө ыйгарымдары бар убактылуу Комиссиянын тажрыйбасы кийин элдерди ажырымдаштырып, ревкомдорду түзүүдө пайдаланылган.

Бүткүлроссиялык Борбордук Аткаруу Комитети 1921-жылы 11-апрелде Сыр-Дарыя, Жети-Суу, Фергана, Самарканд облустарынын, РСФСРдин Закаспий, Аму-Дарыя облустарынын базасында РСФСРдин курамында автономиялык макамда Түркстан Советтик Социалисттик Республикасын түзүү жөнүндө Декретин жарыялаган. Ошол эле күнү ВЦИКтин Түркстан иштери боюнча убактылуу комиссиясы да түзүлгөн (7:138—139).


Мамлекеттигибиздин кайра жаралуусунун

башталышы


Лев Толстой жогору баалаган, АКШнын улуу ойчулу Ральф Эмерсон «Тарых» жөнүндө эссесинде: «Любому факту или явлению всегда предшествует мысль; все факты живут сначала в разуме…, – дейт… Каждая революция сначала зарождается как идея в сознании одного человека; но когда та же идея приходит в голову другому человеку, целая эпоха вступает в решающий период своего развития. Каждая реформа- поначалу лишь идея в сознании одного, когда же она становится идеей в сознании другого, еще одна извечная проблема находит свое разрешение» (8:109—110).

Элибиздин жаңы тарыхындагы мамлекеттигин негиздөөчүлөрүнүн кимисинин аң сезиминде алгач Кыргыз Автономдуу облусун түзүү жөнүндө идея жаралганын азыр так айтуу кыйын, бирок кошуна элдердин лидерлериндей эле, андай ойлор, идеялар кыргыздын алгачкы жетекчилеринде да аймактагы ошол мезгилдеги саясый, социалдык жана психологиялык жагдайларга жараша акырындап калыптанган деп ойлойбуз. Ага ВЦИКтин Декрети менен 1920 -жылы 25-августта Кыргыз (Казак) АССРинин түзүлгөнү түрткү бергени талашсыз. Декретте жаңы түзүлгөн АССРге акырындап аймактагы кыргыздарды өз ыктыярларынын негизинде кошуу да айтылган. Советтик мезгилде «ыктыярдуу» деген көп учурларда мажбурлоолорго айланып кетүүчү жагын эске алганда, кокус ички, сырткы күчтөрдүн таасири менен болуштуктардын же уезддердин бири Казак ССРине «ыктыярдуу» кошулары жөнүндө чечим кабыл алышса, ал артка кайткыс доминолук көрүнүшкө айланып кетүүсү мүмкүн эле. Анткени, ал убакта элдин бирин-экини эле кат тааныбаса, калганы сабатсыз, саясый процесстерге кайдыгер болгон. Анын үстүнө жаңы түзүлгөн республика Кыргыз АССРи деп аталса, андан кандай карапайым кыргыз баш тартмак? Бул өңүттөн алганда боордош казактардын жаңы тарыхтагы мамлекеттигинин Кыргыз АССРи деп аталганы кыргыздардын келечеги үчүн алгач өтө опурталдуу болгону талашсыз.