Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек - страница 18

Шрифт
Интервал


Мындан көрүнүп тургандай, В. И. Ленин жаңыдан түзүлүп жаткан республикалардын бөлүнүп чыгып кетүүгө чейинки толук өз алдынчалыгын жактаса (Х. Г. Раковский колдогон), И. Сталин алар реалдуу автономиялык укукта гана болушу керек, антпесе биримдикти сактоого мүмкүн эмес деген позицияда турган. Ал өз позициясын 1922-жылы 27-декабрда В. И. Ленинге жана Саясий Бюронун мүчөлөрүнө жөнөткөн катында дагы бир жолу кайталаган (21:208). РСФСР менен көз карандысыз республикалардын ортосундагы мамилелер боюнча ал даярдаган документтердин баардыгында «формальное вступление» «формальное распространение компетенции» деген сөздөр көп кайталанат. Ошол убактагы эң таасирдүү жетекчилердин бири, Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасынын орун басары Л. Б. Каменев 1922-жылы 27-сентябрда В. И. Ленинге жазган катында «По-моему или не трогать совсем вопроса о „независимости“ (что, видимо, уже невозможно), или провести Союз так, чтобы максимально сохранить формальную независимость, т. е. приблизительно по приложенной схеме» деп, армия, темир жолдор, магистралдык жолдор, почта, тышкы иштер, тышкы соода түздөн түз Союздун гана компетенциясында болушу керек деген сунуш киргизген (21:206—207). Анын сунушун А. И. Рыков колдогон. В. И. Ленин «формальное обьединение» дегенди «вступление» деген сөз менен алмаштырууну талап кылган.

В. И. Ленин өлгөндөн кийин аймактарда улуттук-мамлекеттик түзүмдүк ажырымдаштыруу процесси тездеп, нын И. Сталин менен Л. Каменевдин варианты боюнча ишке ашырылуусу ушуну менен түшүндүрүлөт. Алардын позицияларына ылайык, өз алдынча бөлүнүп чыгып кетүүгө чейинки көз карандысыздык деген практикалык жактан ишке ашкыс пропагандалык гана формула болгон.

Биз мамлекеттигибиздин жаңы этабынын мына ошондой татаал мезгилдерде, толгоо тарткан энедей кыйналып, кээде чер токойдон жол издеген адамдай адашып, жаңылышып, ашыкча түйшүк-мээнеттерге, сыноолорго туш болуп жүрүп жаралганын элестүү көрсөтүү үчүн гана жогорудагыларды келтирип жатабыз. Бирөөлөргө жагабы же жакпайбы, бул ошол мезгилдерде анархия менен чектешкен демократия болгонун да көрсөтөт. Азыр супер демократиялуу делген ФРГнын же АКШнын бир субьектисиндеги элдин бир бөлүгүнүн андай чараларга барарын элестете аласызбы? Андай анархиялык демократия Тоолуу облустун түзүлүшүн жактагандарда да, ага категориялуу түрдө каршы чыккандарда да эйфориялык маанайдагы эркиндик сезимин гана жараткан.