Ак чийимдер - страница 7

Шрифт
Интервал


Мени күтүп тургандырсыӊ жайдарым,

Айткыӊ келип маянаӊды алганыӊ.

Тургандырсыӊ көк көйнөгүӊ көп кыздарды каратып,

Колуӊдагы портфелиӊ да бир өзүӊө жарашып.


Отуралбай иш ордумда тынч алып,

Ичим күйөт денем муздап сызданып.

Балким кетти бирге иштеген кыз менен,

Колтукташып сыр бербестен уурданып.


Калп айта бер мен ишене беремин,

Бул жашоого өзүӊ үчүн келгемин.

Кайда жүрсөӊ аман болсоӊ болгону,

Турмушуӊда тийсе болду керегим.


Катар-катар тоскоолдорго карабай,

Кайда болсо келет сени менен агылгым.

Сага деген махабатым өмүр бою тарабай,

Өмүр күнүн бирге сүрүп, бирге келет карыгым.


Ыраазымын тирүүлүктө дүйнөгө,

Сүйгөнүмдү ар бир күнү көргөнгө.


Болсун дайым түгөнбөгөн ууз сүйүү,

Сүйө билсин жашап жүрсө ким тирүү.


Жаштык сүйүүм,

Кайра кайтып келгендей.

Жалындатып,

Жашоомо дем бергендей,

Ошондогу талаа жыты буркурап,

Ошондогу жазгы шамал келгендей,

Коюнумду кытыгылап каткырат.


Кайрыламын,

Ошол сүйүү саптарга.

Кайрыламын,

Ошол жаштык чактарга.

Кармап калып,

Ошол сүйүү саптардан.

Катып койдум,

Кайрылганга,

Качандыр бир чактарда.


Мас туман


Жөө туман, сен ушу жөн келбедиӊ,

Адашкан ак сүйүүлөр жерден келдиӊ.

Бозоргон боз туманыӊ айтып турат,

Бош калган жүрөктөргө дем берээрин.


Мас кылган туманыӊдан керээ сорсом,

Сүйүүнүн саптарына обон кошом.

Эселек «беш» жаштагы кызга окшоп,

Адашып калбайын деп жолдон корком.


Белгисиз сүйүүм


Түшүмө кирип сүйүнтүп,

Жашоомо жарык күн бердиӊ.

Көчөдөн таппай өзүӊү,

Көздөрүм издейт көзүӊдү.


Түшүмдө келип элесиӊ,

Кучагын жаят жадырап.

Жаныӊа жакын баралбай,

Денемди басат калтырак.