Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде - страница 2

Шрифт
Интервал


Сүйсө керек-деп бул кыздардын бардыгын.
Ырлар арбын сүйүү дастан айтылган.
Ачык сөз сүйөм жаным жазылган.
Мен жашоодо сүйөм жалгыз инсанды,
А бул инсан ата-энем алтындан.

Эски сурөт

Сен келгенде шоола чачып айлана,
Бак-дарактар көңүл салып жай гана.
Өчүм бардай тигилемин сүрөткө,
Калдым окшойт бир өзүңө байлана.
Качанкы түшкөн сенин эски сүрөт.
Сакталып эч тытылбай менде журөт.
Мейли эле бирге болсом өмүрдө,
Болгону калды менде эски сүрөт.
Сен учурда жубайысын бөлөк жандын.
А мени ушунчалык неге чандың.
Эстелике калды менде элесин?
Сен учурда колуктусу башка жандын.
Эске түштү качанкы эски сүрөт.
Ээлеп жоркуп жайдары карап күлөт.
Кээде отуруп сүрөт менен сүйлөшөм,
Эх армандуу качанкы эски сүрөт.
Айтаарым аруу сөзүм бул болсун!
Балпайган бакыт-кушу өзү консун.
Өксүбөй бул жашоодо азап тартпай,
Бактылуу бол айтаарым ушул болсун.

Талп этип

Жүзүң сонун чайга салчуу анык балдай,
Көздөрүң кара кочкул карагаттай.
Кандай адам деги сени жаратты экен.
Бир өзүңөн нур чачырайт шам чырактай.
Эсиңдеби жолуканбыз кан базардан.
Бактылуумун бул өмүрдө оо жараткан.
Мен ыраактан өзүң менен тиктешем,
Оорум бар, тартынам уялчактык жараттан.
Сүйүү бекен денем басты калтырак.
Көпкө турдум бул сезимден жабыркап.
Көзүм албай тартыламын өзүңө,
Карагандар бар не болду-деп таңыркап
Не күч бар бул сезимге кабылткан.
Жүрөгүмдүн соккон добушун угулткан.
Жан-дүйнөмдү башка аалам курчады,
Жер жүзүнө түшкөн сыңар чагылган.
Араң турдум кулачуудай талп этип.
Күйүккөн чуркап аргымактай энтигип.
Не күч бар айтсаң боло кыйнабай,
Азыр түшөм билип турам талп этип.

Таарынбачы…

Таарныбачы болоор-болбос нерсеге,
Жарап койчу ушул жолку кереке.
Сүйөм сени кагылайын аппагым,
Кечир мени ката кылсам береке.
Кайгырбачы ойго батып санаа тартып.
Жаш сезимди сен туңгуюка каматып.
Жаштык кезде баары болот каралдым,
Сен элең го мээрим чачкан таратып.
Кызганбачы койчу жаным садагам.
Сен деп жашап бул өмүрдө баратам.
Алмаштырбайм бөлөк-бөтөн адамга.
Кечир мени сүйөм сени садагам.
Бул жашоонун өйдөсү бар ылдыйы.
Болуп корчү сен болуп кыйыны.
Сабырдуу бол санаа тартпа жабыркап.
Тушун жаным өйдөсү бар ылдыйы.
Капаланба суйуу болот ушундай.
Учуп өткөн асман буркут кушундай.
Анча-мынча болоор-болбос нерсеге,
Капаланба турмуш жаман ушундай.

Арман

Эл катары суйгум келет.
Каралдым колдон келбейт.
Анткени эркектик кыла албайм,
Баары бир колдон келбейт.