Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде - страница 3

Шрифт
Интервал


Төрт жыл мурун илгери,
Ат туяктын тебенеги.
Келип бир тийген.
Алсызмын ошондон бери.
Мен дагы суйгум келет.
Жетелеше баскым келет.
А бирок алсызмын.
Тушунгун ушул себеп.
Түбөлук каламбы тукумсуз,
Жалгыз каламбы уулумсуз.
Арга жок калам айлам жок.
Өтөмүн жалгыз тукумсуз.
Арманым ушул түгөнгүс,
Алтын болсо да бүтөгүс.
Эркектик менде жарабайт.
Өтөмүн өмүр түгөйсүз.
Жаштарды көрүп суктанам,
Теңирден жалынып суранам.
Антсе да пайда болбоду!
Ич күйүп оттой жулунам!

Кут болсун!

Кут болсун досум майрамың.
Куттук айтып турамын.
Отузга чыгып жашыңыз,
Толуп турган убагыңыз.
Ден-соолугуң чың болсун!
Узун-өмүр бак консун!
Таалайың сенин ачылып.
Өмүрдө жолуң мол болсун.
Жамандык сени тоорубасын.
Ден-соолугуң оорубасын.
Жакшылык коштоп жаныңда,
Тиккен гулуң соолубасын.
Ачык болсун жолуң.
Көп болсун сенин сомуң.
Жаман атта калбасын.
Сенин астыңдагы жолуң.
Жардамың тийсин элиңе,
Улуу кыргыз жерине.
Атагын чыксын ааламга,
Макталып калсын жериңде.
Майрамың бугун туулганың.
Отузда сенин курагың.
Ата-энеңди кубанткан.
Отуз жыл мурда туулганың.
Белгилеп бугун турасың?
Белиңди бекем буасың.
Кут болсун майрамың.
Туулган кундук курагың.
Майрамды тос далайды,
Жакшы көрөбүз андайды.
Көп жаша досум көп уза,
Өмүрдү сүр далайды.

Эне ыйык

Дүйнөдө эмне улук аял улук.
Келдиң эле сен өзүң кайдан туулуп.
Кээ бир аңкоор сыйлабастан өз энесин,
Калмайы бар каяшалап урушуп.
Болбосо Энең кайдан келдин жаралып.
ОО адамзат турмуш улап таралып.
Ак сут менен алдейледи бапестеп.
Сен оорусаң кошо ооруп кагылып.
Эненин таман алды бейиш делет.
Балам -деп энекең колдоп келет.
Ак сутун актадыңбы оо адамдар.
Эненин баскан изи бейиш делет.
Энеңдин тирүүсундө алкышын ал.
Үйгө кирсе алдына төшөгүн сал.
Урматта сыйлап алгын көзүндө,
Колдоп дайым эненин мактоосун ал.
Эне ыйык эне кымбат баарынан.
Сени тууду сени бакты абыдан.
Түн уйкуда жатса дагы наалыбай,
Алдейледи кымбат көрдү баарынан.

Махабат

Махабат түгөнгүс кенен дайра,
Чеги жок жагымдуу бардык жанга.
Сүйүүнүн баркын билип жашагандар.
Бактылуу чыны алар тагдырында.
Бакытын издеп жүргөн канча жан бар.
Махабат майданынан адашкандар.
Бактысына жетүүгө тилек кылып.
Тообо кылып теңирге жалынгандар.
Кээ бири бар бактысын чанып кеткен.
Бул менин бактым эмес-деп азап чеккен.
Адашуу жаңылуу кездешет бул жалганда,
Кээ бири бар бактысына эми жеткен.
Махабат аруу болот билген жанга.
Жетпесе жүрөк ыйлайт махабатка,