Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - страница 2

Шрифт
Интервал


– Сага убал болгон экен, алыс сапарга бара жатканыңды билбей атыңды жеп койбодумбу. Эми сен менин аркама мингин, адаштырбай керегиңди таап берейин, -дейт.

Болгон эмне кыларын билбей турганда:

– Мен сага кантип жамандык кылайын, аркама мингин, -дейт дагы Карышкыр.

Карышкыр күнү-түнү жүрүп отуруп, бир айылдын жанындагы терең сайга келет. Карышкыр Болгонду аркасынан түшүрүп:

– Тетиги турган бийик чоң ак үйгө баргын да, эшигинен кирип барсаң, үйдүн капшытында жабышып турган бир куш бар. Бирок сен кызыгып аны колуң менен сылап жүрбөгүн, оң жагыңды карасаң бурчта конуп турган кушту көрөсүң, кушту алып чыгып тез келгин. Мен сени ушул жерден күтүп турамын – дейт.

Болгон айылга барып, баягы ак үйгө кирет. Кирсе, оң жак бурчта бир куш конуп отуруптур. Болгон кушту алайын деп бара жатып үйдүн капшытында жабышып турган кушка кызыгып сылап коёт. Ошол замат карышкыр «каңк» эте түшөт. Жан жактан кайтарып тургандар жүгүрүп келишип Болгонду кармап алышат да:

– Сен мында эмне үчүн келдиң? -деп сурашат. Болгон:

– Ушул алтын кушту атам алып кел деп жиберген, -дейт. Анда кайтаруучулар:

– Сен биздин айтканыбызды алып келсең, сага бул кушту беребиз, -дешет. Болгон:

– Эмне иш тапшырсаңар да орундатамын, -дейт.

– Ушул жерден жүрүп отурсаң бир сарайга кез келесиң, ошол сарайдын ичинде күмүш жалдуу, алтын куйруктуу бир айгыр бар. Ошону бизге алып келип берсең, биз сага кушту беребиз, -дешти кайтаруучулар.

Болгон сарайдан чыгып, башынан өткөн окуяны Карышкырга келип айтат.

Карышкыр Болгонду үстүнө мингизип күнү-түнү жүрүп отуруп баягы сарайга келет. Дем алып отурушуп, Карышкыр баланы баягы күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып келүүгө жиберет. Жиберерде ал:

– Сарайга кирсең, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөсүң. Жан-жагыңа бурулбай, айгырды чечип алып, кирген жерден кайра ошол изиң менен чыккын, -дейт.

Болгон сарайга кирип, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөт. Айгырдын жанына барып сырдалган казыкка кызыгып сылап коёт. Коңгуроо шыңгырап, кароолчулар келип Болгонду кармап алышат. Кароолчулар:

– Эмне кылып жүргөн жансың? -деп сурашат. Болгон аны кароолчулар жумшаганын, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып барса, алтын кушту аларын айтат.

Кароолчулар:

– Көк-Дарыянын жакасындагы, Көкчө Тоонун арасында тоо менен теңдешкен, сырты күмүш менен жалатылган чоң бир үй турат. Ошол үйдүн төбөсүндө жашаган бир сулуу кыз бар. Эгерде сен бизге ошол кызды алып келип берсең, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды сага беребиз, -дешет.