Болгон кайтып келип, карышкырга кароолчулардын айтканын айтып берет. Карышкыр ачууланып:
– Айткан тилди албайсың, аркама мингин! -деп баланы аркасына мингизип жүрүп кетет.
Күнү-түнү жүрүп олтурушуп, жүрүп олтурушуп Болгон менен карышкыр, Көк-Дарыянын жакасына, Көкчө Тоонун арасына келип жетет. Карышкыр Болгонго карап:
– Сен ушул дарыянын жанындагы тоонун этегинде күтүп тургун. Эки жолу барып, эч нерсе алып келе албадың, эми мен өзүм барам, -дейт.
Ошентип кызды алып келүүгө карышкырдын өзү кетет. Карышкыр баягы жерге барса, кароолчулар айткан үй турат. Үйдүн төбөсүнө чыкса, кыз уктап жатыптыр. Эч нерсе сездирбестен кызды сандыгы менен көтөрүп, жерге түшөт дагы Болгонго келет. Карышкыр кыз менен баланы аркасына мингизип, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр турган сарайга келишет. Карышкыр Болгонго:
– Мен азыр кыз болоюн, ээрчитип баргын, -дейт.
Болгон макул болуп, баягы күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр бар жерге келишет. Жолдо келе жатканда карышкыр: «Сен мени таштап, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып кете бергин. Эгерде чайга отур дешсе, отурбагын. Мен силерди кууп жетем», -дейт.
Болгон баягы Карышкыр айткандай кылып, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, алып, кыздын жанына келет.
Бир канча убакыт өткөндөн кийин карышкыр келет. Күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып, куш отурган сарайга келишет.
Ошондо карышкыр:
– Мен азыр күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр бөлоюн, мени минип бар дагы берип, кушту алгын, -дейт.
Болгон баягы карышкыр айткандай күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, алтын канаттуу кушту алып кыздын жанына келет. Андан бир аз өткөндөн кийин Карышкыр жүгөнүн шыпырып, билдирбестен сарайдан чыгат да, кыз менен Болгонго келет.
Экөөнү бир топ жерге узатып келип:
– Мен эми бул жерде каламын, менин айткан сөзүмдү уксаң үйүңө аман барасың. Сага жолдон эки коркунуч кездешет. Биринчиси күн абдан ысык болгондо суусарсың. Баратканда алдыңдан бир өзөн суу жолугат, канчалык суусасаң да суудан ичпегин. Андан өтүп уктагың келет, түбү чөп, салкын, бир ак терек бар, ал актеректин түбүнө уктабагын. Уктасаң соо болбойсуң. Менин ушул эки сөзүмдү аткарсаң, үйүңө аман барасың, -деп акылын айтат. Карышкыр аларды жолго салып коштошуп, өз жайына кетет.
Болгон кыз менен бир күн, бир түн жүргөндөн кийин күн аябай ысык тиет. Болгон аябай суусайт. Ошондо «сууну кайдан из-деп табамын» -деп ойлоп келатканда алдынан өзөн суу агып жатканын көрөт. Болгон атын сугарып, өзү да ичмекчи болот. Бирок, кыз Болгонго суу ичирбей коет. Ал өзөндөн өтүп жүрүп кетишет.