Ар бир жаңы алган маалымат, бул денеге келген “жаңы нур тамак” берүү же, “жаңы таттуу тамак” жеген менен барабар. Денедеги “коркунучтун маалыматы” кетип дене нурдана баштайт. Ошондой эле башка тилди үйрөнүү дагы дене үчүн чоң жардам берет, себеби башка мамлекеттин нур толкуну башка алкакта турат, ошон үчүн өнүккөн, жашоосу биздин мамлекеттин жашоосунан жогору турган мамлекеттин тилин үйрөнүү ден соолук үчүн чоң жардам болот. Ар тараптан өнүгүү – бул ден соолукка кошумча тамак берүү менен барабар. Ар бир үндүн өзүнүн өзгөчө толкуну бар.
Изденген адамга ар кандай жолдор ачылат. Ар ким ар кандай тармакта өзүнүн аң сезими жеткен деңгээлде билим ала алат, турмуштан тарбия ала алат. Менин тажрыйбамды ким кандай кабыл алат аны ар бир адам өзү кана билет. Өз башымдан, турмушумдан алган, тарбиям жөнүндө, алган билимим жөнүндө жазып, ой пикиримди көпчүлүк менен бөлүшкүм келет. Себеби , кээ бир адамдар менен мамиле түзүү менен, турмушта мен аралашып жүргөн көпчүлүк адамдар бул тармакта түшүнүгү такыр жок, же жетишээрлик эмес экендигине көзүм жетти. Ошон үчүн изденип, түшүнгүсү келген, жашоосун өзгөрткүсү келген адамдар үчүн мен жазган маалыматтар керек экендигине көзүм жетти.
Жашыңа карата өнүгүүнүн этаптары кандай?
Жаш өзгөчөлүккө карата өнүгүү этаптары өзгөрүп турат же класстан класска, тепкичтен тепкичке көтөрүлгөн сыяктуу. Ошондуктан убакыт өткөн сайын адамдар ар кандай акыбалга түшөт. Жаш кезектеги өнүгүү этапты баардыгыбыз жакшы түшүнөбүз, себеби наристе бала дайыма “кубанычтын, сүйүнүчтүн, сүйүүнүн нурунда” болгондуктан аны оңой түшүнөбүз. Жаш балдар дайыма жашоонун таттуулугун, кубанычтуулугун өнүгүү, өсүүнүн нурун өздөрүнүн денеси аркылуу чагылдырып айлана чөйрөгө чачыратып турат. Ал эми жылдар өткөн сайын адамдардын жашоого болгон шарты өздөрүнүн жашоо шартына жараша ар кандай акыбалга келет. Жана кандай образда өмүр сүрсө ошол жашоонун ээси болушат, бирок аны баардык эле адам туура түшүнө бербейт. Ошондуктан, аз да болсо кыскача жаш өзгөчөлүк боюнча маалымат бере кетүүнү чечтим.
Өнүгүүнүн этабын түшүнгөндөн кийин адамдар арасындагы келишпестиктер азайып, бирин – бири түшүнүү оңой болуп калаарына ишенем. Эми, каалаганың керектүүсүн пайдалан, түшүнгөндөн кийин өзүңдү өзүң кайрадан тарбияла. Өзүңдү биринчи тааныганды билбесең, дүйнөнү таануу оңойлукка турбасын өз тажрыйбам менен түшүнүп келе жатам. Ошондуктан өзүңдү жашоонун кайсыл этабында тургандыгыңа жаш өзгөчөлүгүңө карап көңүл бөлүп карасаң?