Албетте, ишенбегениң өзүңө жаккан жашооңду улант. Демек, сен ”түшүнүү” этабына али жете элексиң, ага жетишээрлик турмуштук оң же терс тажрыйба, билим керек. Кээ бириң мындай нерсени туулгандан эле билесиң, ошон үчүн мен жазган сөздөр сен үчүн жаңылык эмес болушу да мүмкүн. Өнүгүүнүн кандай этабында болсоң да сен үчүн “күмөнсүрөө” албетте күчөйт. Ким эле бир укканда же окуганда баш оту менен кирип, ишенмек эле. Менин өзүмдө да ушундай ишенбестиктер, күмөнсүрөөлөр өтө көп кездешкен. Ошол кежирлигимден жашоонун көп шириндиктеринен кур калгандыгымды мойнума аламын. Себеби, “ашыкча күмөнсүрөө”, канчалык алдыга жылдым деп шерденсең да кайра эле эски ордуңа кайтарып алып келип кое тургандыгы мен үчүн түшүнүктүү. Ишенбеген адамды булдьозер менен сүрүп алдыга жылдырсаң да кайра эле өз ордуна барып турат, анткени ал адамдын “аң сезиминин” деңгээли жогорулаган жок. Ал өзүнүн деңгээлиндеги түшүнктүн алкагынан да жогорку алкакта жашоо бар экендигин кабыл ала алган жок. Ошон үчүн ал адам кежир, айтканынан кайтпайт, өз билгенин жасайт. Качан кана өзү түшүнүп, ошол чылаадан чыкканга “өзүнүн каалоосу” пайда болгонго чейин ошол деңгээлде тура берет. Эгерде түшүнгүсү келбесе, кежирлиги сөөкө сиңип, көкүрөгүндөгү сезим таштай катып топтолуп, бара-бара тоодой болуп, артынан же алдынан өсүшү дагы мүмкүн.
Ошон үчүн ар кандай нерсени “түшүнүү жана кабыл алып коюп жиберүү менен” келген энергиянын эффективдүү иштөөсүнө жол берет. Ал эми, терең түшүнүү үчүн өзүң изденип, жасап, жаман же жакшы экенин түшүнүп, өзүңө өзүң түшүндүрүп, өтүп кана ишенесиң. Ал эми, мен мындай нерсени билемин дегениңерге, бул маалымат жөн кана “эстөө үчүн” керек болушу дагы мүмкүн. Себеби, мындай нерсе сенин маалымат талааңда бар болсо ошол нерсени активдештирүү үчүн кана сага, “түшүндүрүүчү, эске түшүрүүчү билим”, “бекемдөөчү сезим” керек болуп жаткандыр.
Мындан ары аз да болсо азыр силерге изденүүгө шарт түзүлдү, кызыгуу пайда болду. Менин максатым силерге ишендирип, таксыктап, чучгуңарга сиңгенче жеткирүү эмес, аны ар бир адам өз эмгеги менен “аң сезими менен түшүнүү” менен өзүнө өзү жеткирет, өзүн өзү ишендирет. Менин көпчүлүккө жеткирейин деген максатым, жашоонун ыңгайлуу ушундай жолдорунун бар экендиги жөнүндө маалымат берүү, билгендеримди адамдар менен бөлүшүү.