Таза ойлор Так сөздөр - страница 125

Шрифт
Интервал


Менин алган түшүнүгүм өзүмдү канааттандырды, себеби руханий жактан өнүгүү жолундагы ар кандай улуттун, ар кандай мамлекеттердин адамдары бирдей түшүнүктү беришет. Ар ким ар кандай өнүгүү жолу менен өзүнүн ким экендигин түшүнүп, өзүн өзү кантип тааныгандыгы жөнүндө айтышат. Жыйынтыгы бирдей, мааниси бирдей, алар ой, сөз, сезим, түшүнүү аркылуу ушундай жыйынтыкка келгендигин билдиришет. Болгону ар кимдин жашоо шарты ар кайсыл мамлекетте, ар кандай улуттун өкүлдөрү, бирок система бирдей. Себеби, бири-бирине эмоционалдык, психологиялык, тарыхый маалыматтары окшош адамдар окшош энергиялардын алкагы менен байланышкан. Ошон үчүн андай адамдар бириң бири менен кийген кийими, баскан турганы, сүйлөгөн сөзү, келбети менен окшош болушат. Андай адамдарды “двойниктер же сенин эгизиң” экен деп да коюшат. Эми, сен кайсыл системага кызматкерсиң ал өзүңө белгилүү.

Ошентип, тагдырды ар бир адам “учур чак менен өзү жаратаарына ишендим!” Албетте андан башка дагы, тагдыр ата-энеси, ата бабалары тарабынан өтөөрү да анык. Бул китеп аркылуу өзүбүздү өзүбүз таануу менен өзүбүздүн дене түзүлүштү, башка дүйнөлөр менен кантип байланышаарыбызды үйрөнүп барабыз. Ал да өзүнчө чоң тема. Мүмкүн болушунча эң жөнөкөй тилде жазуу мен үчүн дагы жеңил, себеби илимий деңгээлде жазуу үчүн өтө чоң материалдар жана жогорку деңгээлдеги билим керек. Ошон үчүн өзүмдүн түшүнүгүм менен жазып түшүндүрүү мага жеңил.

Убакыт өткөн сайын мен үчүн ар бир адам өзүнүн маалымат талаасында толук өзүнүн тагдыры жөнүндөгү маалыматты, информацияны алып жүрүүчү, өзүнүн тагдырын түзүүчү өзү, экендиги мен үчүн белгилүү болду. “Өткөн чактагы”, “учур чактагы”, “келер чактагы” жашоо, баардык маалыматтар адам денеси менен “мына азыр, ушул көз ирмемде” байланышаарына толук көзүм жетти. Жана ал маалыматтар “аң сезимиң” менен түшүгөндөн кийин сенин жашоого болгон көз карашың өзгөрүп, ал ДНК аркылуу заматта баардык жашоолордо корректировка болооруна ишене баштадым. Эмнеге ишенсең, ошол сенин жашооң болот. Ошон үчүн, “өзүмдү өзүм өлтүрүүнүн” ордуна “Мен ден соолуктамын “ – деп ишенүү ден соолугум үчүн пайдалуу экендигин түшүндүм. Ошондуктан, мындан ары өзүңдү өзүң терең түшүнүүнү өздөштүрсөң жакшы болмок.

“Учур чак – бул тагдыр!”

“Учур чак – бул көз ирмем”.

“Учур чак – бул секундадагы сезим”