Менин жашоомо болгон көз карашымды өзгөртүп, изденүүгө түрткү берген – менин “оруум” жана “коркунуч сезимим” болгон. Мурда оорууну жек көрүп, коркуп, капа болгон болсом, азыр ыраазы болуп, ыракмат айтып, сүйөмүн. Себеби, оорубаган болсом, ооруу эмне экенин түшүнмөк эмесмин, коркпосом ордумдан жылмак эмесмин, ошон үчүн баардыгына ыраазымын! Ошентип, ар дайым өткөн жашоомо ыраазылык билдирчү болдум.
“Оорубаган адам, ооруунун кадырын билбейт” деген сөздүн маанисин терең түшүндүм. Ден соолукта жашоого болооруна көзүм жетти.
Көпчүлүк убакта кыялыма дайыма “изден, изден!”– деген сезим келчү. Эми ойлосом, менин “эрким, духум, ишенүү сезимим” – мени жашоого түрткөндүгү мага өтө пайда болду.
Дененин кантип иштээрин, кандайча жашоо куралаарын түшүнбөгөндө, албетте мындай “майда көрүнүштөр – жашоо үчүн эң чоң “байланыш, күнүмдүк жашоону куруучу “кыл тамырлар”, ”нур” тамырлар” экендигин жана “жашоонун маңызын түзүүчү” экендигин билмек эмесмин. Бара– бара эң жөнөкөй, кичинекей нерсеге эч кандай маани берилбеген күнүмдүк жашоо, бул менин эртеңки, келечек жашоом экендигин түшүндүм.
Мына эми, өзүмдүн кыйналган күндөрүм мен үчүн аябай чоң сабак, турмуштагы баа жеткис тажрыйба экендигин түшүнгөндөн кийин, өзүмдү күнүгө алкап, мактап, сыйлап – жашап келүүдөмүн.
Өзүмө өзүм күзгүгө карап, эки колумду жогору көтөрүп “Азаматсың!” “Мен сени жакшы көрөм, сүйөмүн!” “Бүгүн мен үчүн дагы бир сонун күн башталды” деп өзүмдү кубандырып айтып, “жашоого” аттануучу болдум.
Эми менин айтаарым ар бир адамда өзүнүн жашоосунда болуп өткөн кубанычтуу күндөр көп эле болгон. Мына дал ошол күндөрдөн бир үзүмдү эстеп, күнүгө, көңүл чөкчү нерсе болгондо эле, ошол “сүйүнүчтүү сезимди” эстеп көбөйт. Ал эми, капачылыкты кое бер, аны өз нугуна өтүшүн тиле, ар кандай кыйынчылыктан кадамдап жеңил өт, ар кандай проблемаларды түзбөстөн, өз убагында чечип үйрөн. Жакшысы проблеманы түзбөгөн жакшы. Ар кандай нерсе адам качан аткарганда кана чечиле баштайт.
Сүйүнүч, кубануу сезимин көтөрүүчү эң оңой жол, төмөнкү суроону көңүл чөккөндө эле, көкүрөгүңө колуңду коюп, акырын алаканың менен чапкылап, кайталап, өзүңө өзүң суроо берип жүр:
“Ээ– эй, менин сүйүнүчүм, кубанычым – кайдасың?!”
“Ээ-эй, менин сүйүнүчүм, кубанычым – кайдасың?!”
“ Ээ-эй, менин сүйүнүчүм, кубанычым – кайдасың?!” – деп денеңди бир азга угуп турсаң эле кубанычтуу сезимдин энергиясы көкүрөк тараптан, жүрөктүн, жан дүйнөнүн түпкүрүнөн акыры-ын өйдө көтөрүлүп, бетиңде жылмаюу пайда болот. Ууртуңда өзүнөн өзү эле, жаш баладай жылмаюу пайда болуп, сезимиң жакшыра түшөт. Мындай учурда эмне болуп жатам деп, оозуңду жыйрыба, себеби, берилген суроого дене жооп тапты, аны бош коюп, жөн кана сезим менен бекемде, кубаныч, сүйүнүч сезими 27 секундада канды айланып өтүп, кан тамырлардын иштешин жакшыртат.