Таза ойлор Так сөздөр - страница 17

Шрифт
Интервал


Суроо: Эмне үчүн “чечимди” өзүм кана кабыл алышым керек?


Эми түшүндүрөйүн, эгерде адам “өз ою үчүн өзү кожоюн” болбосо, ал адам ар кандай башкарылууга жөндөмдүү, б.а. башка адамдардын таасирине тез көнүп, өзүнүн ой, пикиринен башка бирөөлөрдүн каалоо – тилектерин жогору коет да, өзүнөн башка адамдардын башкаруусуна кабыл болот.

Жыйынтыгы, мисалы: “оома”, “ар кимдин тилине кире берет”, “сөзүнүн туругу жок”, “сүйлөй берет”, “жасабайт”, “аткара албайт”, “жалганчы”, “ал оорулуу”, “анын колунан келбейт”, “аны оңой эле башкарып алса болот”, “жок” деп айта албайт, “мени сыйлайт”, “өтө боорукер”, “урушчаак”, “ушакчы”, “ач көз”, “сараң” деген ж.б.у.с. сөздөрдүн ээси болот.

Ушундай жашоодо жашагың келеби?

Эгерде, жогорудагыдай акыбалда болсоң өзгөргүң келеби?

Жашоонун түркүн жолдору бар, аны түшүнөсүңөр да. Тандоо өзүңдөн.

Эгерде жашоонун “түшүнүү” жолун өздөштүрүүнү тандасаң анда маанисине түшүнүп окуган пайдалуу.

Жакшылап ойлон. Бул жол убакытты, эмгекти талап кылат. Эгерде чын ыкласыңдан ушул жол “туура” деп тандасаң анда окууну улант. Окууну улантуу – бул алгачкы “чечим” кабыл алуу болуп эсептелет.

Эми сен өзүңө өзүң кожоюн болууну “чечтиң!”.

Улантууну кааласаң анда эмесе, кайталайбыз:

«Мен өзүмдүн оюма өзүм кожоюнмун, себеби келген ойду кантип пайдалуу иштетүүнү билемин!»

«Мен өзүмдүн оюма өзүм кожоюнмун, себеби келген ойду кантип пайдалуу иштетүүнү билемин!».

«Мен өзүмдүн оюма өзүм кожоюнмун, себеби келген ойду кантип пайдалуу иштетүүнү билемин!»


[А] Кудай ден соолукта! Кудай өз жайында!

Эмне үчүн кайталоо керек?


Себеби, бул сөздөрдү дене “жан дүйнө” менен кабыл алуу үчүн, жана “аң сезим менен түшүнүп”, жан дүйнөңдү тынчтантып, ден соолукту чыңдоо үчүн үч жолудан жогору кайталаса болот. Кайталоо менен жаңы программаны “жан дүйнөгө “ – сиңиребиз жана “ишенимди” бекемдейбиз.

Эми, андан да жеңил жолу психолог, психотерапевдер тарабынан далилденип жолго салынган методду пайдалансак болот. Ал төмөнкүдөй:

Мен, ________(атың), ден соолуктамын, себеби мен өз денемди кантип укканды жана пайдаланууну билемин !

Сен, ________(атың), ден соолуктасың, себеби сен өз денеңди кантип укканды жана пайдаланууну билесиң !

Ал, _________(атың), ден соолукта, себеби ал өз денесин кантип укканды жана пайдаланууну билет!

Башкалар “ден соолукта, себеби, башкалар өз денесин кантип укканды жана пайдаланууну билет!”